Орусия Кыргызстанга эки аскердик жүк ташуучу учак өткөрүп берди

Орусия тараптан Кыргызстанга кайтарымсыз өткөрүлүп берилген АН-26 үлгүсүндөгү эки аскердик жүк ташуучу учак Кант аэродромуна келип конду. Жаңы учактар кыргыз армиясынын жүк жана аскерлерин ташуудагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат.

Аскерий техника эки өлкөнүнүн президенттеринин келишимине ылайык өткөрүлүп берилген. Орусия коргоо министринин орун басары Александр Фоминдин айтымында, Орусия тарап мындан ары дагы Кыргызстан менен мамилесин бекемдей берет.

«Биздин достук жана союздаш мамилелерибиз Борбор Азиядагы туруктуулуктун жана тынчтыктын белгиси. Кыргызстан дайыма биздин колдоого ишенсе болот. Биздин куралдуу күчтөрүбүз ар кандай кырдаалга даяр турушу керек», — деди Фомин.

Кыргызстандын аскер кызматкерлерине Учактардан тышкары алардын иштеп туруусу үчүн кошумча тетиктери, чыгымдалуучу материалдары менен үйрөнүү китептери берилет.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Раимберди Дүйшөнбиевдин айтымында, жаңы учактар армиянын өздүк курамын жана жүктөрдү ташуудагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат.

«Бул баасыз жардамдын жарымысы гана. Дагы техника келет», — деди Дүйшөнбиев.

Мындан тышкары, Орусия Канттагы аэродромдун түзмөк бөлүктөрүн калыбына келтирүүгө жардам берет. Ал жакта Кыргызстандын аба күчтөрүнүн аскерий жүк ташуучу тутумун түзүү пландалууда, ошондой эле ал жакта кыргыз-орус учкучтары биргелешип аскерий милдеттерди аткарышат.

Орусия менен Кыргызстан 2003-жылы Кантта авиа база түзүү боюнча келишим кылышкан. Базанын негизги максаты катары орусиялык аскерлердин аймактагы коопсуздукту камсыздоосу болгон.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын декабрында келишимдин убактысы бүткөндө орусиялык аскерлер өлкөдөн «кетиши керек» деп билдирген. Анын айтымында, республика «өзүнүн күчүнө таянышы» керек.

Орусиялык аскерлерге авиа базаны колдонууга берүү боюнча келишимдин убактысы 2018-жылы аяктайт.

Сүрөт: «Вечерний Бишкек»

Которгон Алмир Алмамбетов