Жалал-Абад: Жол кырсыгынан үч адам набыт болуп дагы үчөө ооруканага жеткирилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында «Фольксваген Венто» жана «Хёндэ Кари» үлгүсүндөгү эки машина бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада 20 жаштагы үч бала каза таап, дагы үчөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы Жалал-Абад облусунун Жалгыз-Жаңгак айылында 9-агустка караган түнү болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Фольксваген» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жолдун каршылаш тилкесине чыгып кетип «Хёндэ» автоунаасын барып сүзгөн.

Алган жараттарынан улам «Фольксвагендин» эки жана «Хёндэнин» бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден көз жумушкан. Милициянын маалыматына ылайык, каза тапкандардын бардыгы 20 жашта болгон.

Жабыр тарткан дагы үч адам оор абалда шаардык ооруканага жеткирилген.

Милиция учурда авто-техникалык жана соттук-медицина текшерүүсүн жүргүзүп жатат. Учурда окуянын чоо жайы такталып жатат.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылына жакын жерде чоң жол кырсыгы катталган. Анда  «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү авто унаа чоң ылдамдыкта оор жүк таашыган машинаны сүзгөн. Анда жол кырсыгынан улам үч адам набыт болуп дагы алтоо жабыр тарткан.

Сүрөт: Sputnik

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: