Ботаникалык бакты өрттөп жаткан адамды далилдеген сүрөт үчүн сыйакы жарыяланды

Бишкектеги Гареев атындагы Ботаникалык бактын жетекчилиги өрт чыгарган адамдын сүрөтү үчүн сыйакы берүүнү жарыя кылды. Акыркы он күндө Ботаника бакчасында жети жолу өрт чыккан.

Ботаника бакчасынын директорунун орун басары Таштан Көчкүмбаев Kloop.kgге экологдор бакчада өрт чыгарууга мүмкүн адамдардын сүрөтү үчүн фото аңчылык жарыялаганын билдирди. Анын айтымында, акциянын демилгечиси болуп эколог Дмитрий Ветошкин чыккан.

Бакчанын жетекчилиги өрт чыгуулардын себеби атайын даярдалган болушу ыктымалдыгын айтууда.

«Дмитрий мага мындай жол менен ыктымал шектүүнү кармашыбыз мүмкүн деди. Билбейм мүмкүн балдар ойноп жатышкандыр, бирок акыркы жолу өрт чыккан жерде күзөтчүлөр гезит менен ширеңкелерди табышкан. Милицияга кайрылдык, бирок азырынча өрттөгөн адамдарды кармай албай жатабыз», — деди Көчкүмбаев.

Фото аңчылык боюнча маалымат Ботаника бакчасынын Фейсбуктагы расмий барагында жарыяланган. Авторлор тамашалуу түрдө түрдө «от чыгаруу сыйкыры менен алектенген адамды» же «homo piromantus» өрттөгөн адамды издеп жатабыз деп жазышкан.

«Бул жылы Ботаникалык бакчада аталган түрдөгү адамдын жүргөнүнө эки жума болду! Адамдын аталган түрү абдан жашыруун жүрөт бирок анын аракети алдын ала белгилүү болуп калат. Күн алыс саат 15:45 жана 16:45 чамасында байкоого болот. Аталган түрдүн идентификациясына бир гана илим эмес коомчулук дагы кызыкдар», — деп жазылган жарыяда.

Активисттер аны кармоо үчүн ширеңкелерди жана от чыгаруучу заттарды белек кылууну убада кылышууда. Башкы байге эмне экени белгисиз.

Ботаникалык бактагы өрт чыгуулар

Ботаникалык бакчада 31-июлдан 8-августка чейин бир нече жолу өрт чыгуулар катталган. Өрт чыгуулар бакчанын жетекчилиги менен экологдор анын аймагына ветлаборатория курууга каршы пикирлерин айтып чыккандан кийин болгон.

Экологдор атайылап өрттө болгонуна шектенип жатышат. Алардын айтымында, алар өрттөнгөн жерлердин биринде бензиндин жытын сезишкен.

Бишкек шаардык ШИИБгы Ботаникалык бактын аймагында техникалык-өрт чыгуу себептерин текшерүүдө. Өрткө каршы кызматынан Kloop.kgге алар атайылап өрттөө боюнча жагдайды иликтеп жатышканын билдиришти.

«Көбүнчө мындай учурларда өрт кылдаттык мамиле кылбагандан улам чыгат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар ботаникалык бакчада тамекини өчүрбөй ыргытып жиберип чуркап жүргөн баланы көрушкөн», — деп билдиришти өрт өчүрүү кызматынан.

Авторлошу: Айзирек Иманалиева

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: