Кыргызстандын кино тасмасы Италияда эки сыйлык алды

Кыргыз режисёрлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан «Атанын керези (Завещание отца)» кино тасмасы Италиянын Лукания фестивалында эки сыйлыкка татыды. Алар «толук метраждуу мыкты көркөм тасма» жана «мыкты сценарий» үчүн сыйланышты.  

Италиядагы толук метраждуу көз карандысыз тасмалардын фестивалында «Атанын керези» тасмасынын режиссерлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу «мыкты сценарий» жана «мыкты көркөм тасма» номинацияларында жеңишти.  

Эл аралык «Лукания» автордук кино тасма фестивалы 9-13-августка чейин Италиянын Маркония шаарында өттү.

«Учурда кыргыз делегациясынын кайтып келүүсүн күтүп жатабыз, андан соң алар маалымат жыйынында фестиваль кандай өткөнүн айтып беришет», — деп билдирди Иман Мукул.

Бул жылы фестивалга катышуу үчүн алты миң рессижер билдирмесин тапшырган. Жалпысынан «Луканияга» 50 миң көрүүчү барган.

Мурдараак «Атанын керези» тасмасы Орусиянын «Ника» сыйлык тапшыруу боюнча шорт-тизмегине алынып, бирок тилекке каршы сыйлыкка татыган эмес.

Ошондой эле тасма Алматыда өткөн «Евразия» фестивалында дагы жакшы бааланган. Анда ал Борбор Азияда 2016-жылдын мыкты тасмасы аталып «Тулпар» сыйлыгын алган.

«Атанын керези» тасмасы жөнүндө

«Атанын керези» тасмасынан кадр

Фильмдин башкы каарманы Азат Америкадагы 15 жыл жашоосунан кийин кайтыш болгон атасын жерге берүү үчүн Кыргызстанга кайтып келет

Кайтып келген соң Азат атасы аны АКШга жөнөтүш үчүн карызга батып, бирок кайтарып бергенге жетишпей калганын билет. Ошондуктан карызды Азаттан талап кыла башташат.

Сүрөт: kyrgyzcinema

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: