«Заноза» басылмасы өзүнө каршы тагылган миллиондогон арыздарды даттанат

«Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрүнүн айтымында, Бишкек райондук соту аларды президент Алмазбек Атамбаевге төлөнүп берчү миллиондогон төлөмдөр боюнча «адилетсиз» соттогон. Алар өкүмдү Бишкек шаардык сотунда даттанышат.

Бишкек шаардык соту «Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айыптын аппеляциялык арызын 16-августта карайт. Алар райондук инстанциядагы соттун өздөрүнүн басылмасын президент Алмазбек Атамбаевге 6 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирген чечимине каршы чыгышууда.

Июлдун аягында Октябрь райондук соту Нарын Айыптын «Ложь во спасение: Паппет-шоу независимости» аталыштагы макаласын президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр баркын шек келтирет деп таанып «Заноза» басылмасын президентке моралдык кун төлөп берүүнү милдеттендирген.

«Занозанын» түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып Kloop.kgге курган маегинде, басылма соттун чечимин даттанууну улантаарын айтып жана жаңы президенттин келиши менен актоочу өкүм чыгарына үмүттөнөөрүн билдирди.

«Биз күрөшүүнү уланта беребиз, анткени бийлик алмашканда жаңы соттор бизден эмнеге ошол кезде күрөшкөн жоксуңар деп сурашы мүмкүн. Күрөштү токтотуп койсок биз күнөөлүдөй болуп калабыз. Ошондуктан мындай нерсе болбошу үчүн биз колубуздан келген аракетти көрөбүз», — деди ал.

Ошондой эле, Нарын Айып Орусиянын лингвистикалык экспертизасы анын макаласында президент Атамбаевдин дарегине айтылган кемсинтүүлөрдү таппаганын билдирди.

«Заноза» басылмасы Октябрь райондук соттун президенттин ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирет деп тааныган төрт макаласы боюнча бардык чечимдерин даттанат.

Шаардык сот алардын аппеляциялык арыздарын 16-17-18-августта үч күн аралыгында карап чыгат.

«[Кыргызстандын президенттик] шайлоосуна чейин бардыгын чечүүгө шашылып жатышканы административдик ресурс колдонулуп жатканын айгинелейт», — деп жазган «Занозанын» түзүүчүлөрүнүн бири Дина Маслова өзүнүн «Фейсбук» барагында.

Президенттин «Занозага» каршы арыздары

Президент Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атынан 2016-жылдын март айынын башында «Занозага» каршы беш арыз жана «Азаттык» үналгысына каршы эки арыз берген.

Анын айтымында, аталган басылмалар өздөрүнүн макалалары аркылуу анын ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирип, ал жөнүндө жалган маалымат таратышкан.

Атамбаев өзүнүн коомчулук алдында сүйлөгөн пикирлеринде арыздар журналисттер ал жөнүндө «жалган» маалыматтарды тараткандыгы үчүн берилип, макалалар анын ден соолугуна зыян тийгизгенин бир нече жолу айткан.

Ал «Азаттык» боюнча эл аралык сотко чейин жетүүнү убада кылган, бирок Кыргызстанга үналгынын директору Томас Кент келген учурда президент 10 миллион сомдук арыздарынын бирин кайтарып алган.

Алмазбек Атамбаев өзүнүн жыл сайын берилүүчү маалымат жыйынында «Занозаны» эч качан кечирбестигин жана аларга каршы берилген арыздарды кайтарып албастыгын билдирген. Анын айтымында, бул соттук териштирүү башка «жалакорлорго» сабак болот.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: