Атамбаев кызматташтыкты сүйлөшүү үчүн Өзбекстанга барат

Президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Өзбекстанга барат. Кыргызстандын президенттик аппаратынан билдиришкендей, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер «жаңы деңгээлге чыкты».

Атамбаевдин Өзбекстанга качан бара турганы белгисиз. Президенттин аппараты иш сапар азырынча «пландалып» жатканын билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, иш сапар алкагында эки өлкөнүн ортосунда чек араларды аныктоо жана тактоо жаатында кызматташтык мамилелери талкууланат.

Бирок Үсөнөв  азырынча «иш сапардын багыты жөнүндө толук айтып бере албастыгын» кошумчалады.

«Кыргызстан менен өзбекстандын ортосунда талкуулана турчу темалар көп. Биздин байкообузга караганда акыркы мезгилдерде эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер башкача багыт алды, тактап айтканда мамилелер жаңы деңгээлге чыкты», — деди ал.

Атамбаевдин сапары боюнча маалымат 16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Кыргызстанга болгон сапарынан кийин белгилүү болду.

Өзбекстандын өкмөт башчысы өзүнүн кесиптеши Сооронбай Жээнбеков жана президент Алмазбек Атамбаев менен чек араларды аныкто жана тактоо маселесин талкуулоо үчүн жолугушту.

«Биз эки өлкөнүн тийиштүү ведомстволоруна мындан аркы өз ара соода сатыкты көбөйтүүнү жана анын түзүлүшүн диверсификациялоо, инвестициялык кызматташтыкты жандантуу, ишкерлердин өз ара байланышын чыңдоону иштеп чыгууну тапшырдык», — деди Арипов.

Бул Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов кайтыш болгондон кийинки кыргыз саясатчыларынын өзбек бийлиги менен болгон биринчи жолугушуусу эмес.

Атамбаев 2016-жылдын декабрында президенттик кызматка Каримовдун ордуна Шавкат Мирзиёев келгенде барган. Анда эки тарап эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди «кайра жандантуу» маселесине токтолушкан.

Ар жылдар аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара жана гидроэнергетикалык ресурстар маселелери боюнча начар мамиледе болуп турушкан.

Бирок серепчилердин айтымында, эки өлкө ортосундагы мамилер Мирзиёевдин бийликке келиши менен жылуулап бара жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: