Өзбекстан менен Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү чек аранын миңдей чакырымын макулдашуу тууралуу келишим түзүштү. Документке ылайык, өлкөлөр ортосунда мындан ары чек ара боюнча доомат жок. Келишимге мамлекет башчылары Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев кол коюшу керек, бирок качан экени белгисиз.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун айтымында, кыргыз-өзбек чек арасынын 58 участогунда 300 чакырым жер гана макулдашыла элек. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасынын узундугу 1370 чакырымга барабар.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов. Сүрөт: AFP.

«Биз Кыргызстан менен кызматташууда көп багыттар боюнча ийгиликке жетиштик. Атап айтканда, биздин чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо сыяктуу аяр маселеде. Бүгүн биз дээрлик миң чакырымды сүрөттөп бүттүк жана бул эки тараптан тең таанылган чек ара экенин тарыхта биротоло бекитип коюш үчүн макулдашуу камдап жатабыз», — деди ал журналистттер менен 16-апрелде болгон жолугушууда.

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун айтымында, 2016-жылга карата Өзбекстан менен чек аранын 76,5 пайызы сүрөттөлүп бүткөн.

Жээнбеков 17-апрелде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жандуу иш жүрүп жатканын, эки өлкөнүн делегациялары ай сайын жолугушуп жатышканын айтты.

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

«Бардык чек аралар боюнча алар жөө жүрүп тактап жатышат. Төрт күн мурда мага Өзбекстандын премьер-министри чалып, алар бул багытта иштөөгө жана документтерге кол коюуга даяр экенин айтты», — деди ал.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз борборунун кызматкери Айымкан Кулукеева Кыргызстандын ТИМи президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга барышын даярдап жатканын айтты. Мамлекет башчысынын иш сапарынын так мөөнөтү азырынча белгисиз.

«Мурда макулдашылган графикке ылайык чек ара боюнча жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү улантылууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин жанданды.

Чек ара чатактары

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чечилбеген чек аранын айынан чыр-чатактар Советтер Союзу кулагандан кийин эле келип чыккан. Совет мезгилинде бул өлкөлөрдүн административдик чек арасы жергиликтүү рельефти эске албастан чийилген.

Атайын репортаж: Өзбек БТРлери кантип чек ара көйгөйлөрүн ашкере кылды?

СССР тарагандан кийин чек аранын мындай шарттуу бөлүнүшү чыр-чатактарга алып келген. Азыр Кыргызстандын аймагында төрт өзбек анклавы — Сох, Шахимардан, Чоң-Гара жана Таш-Дөбө бар. Өзбекстанда төрт чарчы чакырым аянттагы Барак аттуу кыргыз анклавы жайгашкан. Маал-маалы менен ал жерде чатак чыгып турат.

Мындан тышкары, чатактарга чек аранын макулдашылбаган жерлери да себеп болот. Талаш жараткан Унгар-Тоо жана Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы боюнча акыркы чыр 2016-жылдын августунда чыккан.

Талаш туудурган аймактардын бири Ортотокой, башка аталышында Канансай суу сактагычы.

Ал кезде 20 өзбек милиция кызматкери Кыргызстандын ретрансляциялык мунарасы жайгашкан Унгар-Тоону ээлеп алышкан. Мунарада иштеген кызматкерлерди — Кыргызстандын жарандарын — өзбек милиция кызматкерлери кармап алып, алар Өзбекстандын Янгикурган милиция бөлүмүндө 16 күн кармалып жаткан.

Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынан кыргыз кайгуулун алып таштоону талап кылган.

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз инженерлери коё берилген. Дээрлик ошондон кийин дароо эле өзбек милиция кызматкерлери макулдашылбаган жерден чыгып кетишкен.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ