Шайлоо-2017: Текебаев абакта мамлекеттик тил боюнча тест тапшырды

Президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаев УКМКнын абагында мамлекеттик тил боюнча тестирлөөдөн өттү.

Саясатчынын адвокаты Искен Афиджанов «Кыргызтесттин» кызматкери тергөө изоляторунда отурган Текебаевге келип мамлекеттик тил боюнча тестирлөө өткөргөнүн билдирди.

Улуттук комиссиянын расмий сайтында Текебаев тестти 93,75 балл жыйынтык менен тапшырганы жазылган. Президенттик шайлоого катышуу үчүн тил сынагынан 50дөн жогору балл алыш керек.

Текебаевди бир айдан бери кыргыз тили боюнча сынакка киргизбей жатышкан. Боршайком менен Бишкектин райондор аралык соту тергөө алдында отурган саясатчы кандай жол менен тест тапшыраарын чече албай жатышкан.

Тест тапшыруу президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн сөзсүз түрдөгү шарт.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебавди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алгандыгы үчүн мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Бирок саясатчы берилген мөөнүттүн 4,5 жылын гана камакта өткөрөт. Сот БУУнун адам уктары боюнча декларациясын кабыл алгандыгына 65 жыл толгонуна байланыштуу Текебаевге карата мунапыс колдонгон.

Ал эми Текебаев өзүнө каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп эсептейт. Текебев камакка алынганга чейин бийликтин эң башкы сынчыларынын бири болгон, көпчүлүк учурда президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып келген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: