Атамбаев Жээнбековдун кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары расмий катталгандан кийин кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.

Президент Алмазбек Атамбаев 21-августта премьер-министрдин кызматтан кетүү боюнча арызын Боршайком Жээнбековду президенттик шайлоого талапкер катары каттагандан соң бир нече сааттан кийин кабыл алды.

Атамбаев Жээнбеков «үмүттү актады», ал эми анын өкмөтү акыркы алты жылда «бардыгынан да мыкты» болду деп билдирди.  

Жээнбеков өз кезегинде «административдик ресурс колдонуунун айланасында» келишпестиктер болбошу үчүн Кыргызстан президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтпөстөн жаңы өкмөткө ээ болушу керек деди.

«Сиз дайыма бул позицияны колдоп турдуңуз, эл сизди бир гана демилгечи дебестен таза шайлоонун кепилдиги деп ойлойт. Ошондуктан менин отставкага кетүүмдү кабыл алууну суранам. Мен үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүнөн шек саноолорду болтурбоо максатында шайлоодон жеңип чыгышым абдан маанилүү», — деп айтты Жээнбеков президентке.

Сооронбай Жээнбеков — алдыда боло турган президенттик шайлоого бийликчил социал-демократтар партиясынан (КСДП) талапкер. Анын талапкерлиги партиянын 15-июлда өткөн курултайында көрсөтүлгөн.

Атамбаев да аны «чынчыл киши» деп атап, Кыргызстан үчүн «жакшы тандоо» болоорун билдирген.

Жээнбековдун президенттикке көрсөтүлүшү башка талапкерлер тарабынан айтылган сын-пикирлер менен коштолгон. Мисалы, мурдагы премьер-министр Темир Сариев аны үгүт иштерин жүргүзүүдө «кызматтык абалын пайдалануу» боюнча айыптап чыккан. Бирок БШК премьер-министр тарабынан мыйзам бузуу белгилерин тапкан эмес.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын сайты


ТЕМА БОЮНЧА: