Кыргызстандык спортчу аял биринчи жолу «Темир адам» марафонунан басып өттү

Кыргыз триатлончусу Юлия Фернас Данияда өткөн «Темир адам» марафонунда маарага ийгиликтүү жетти. Фернас аталган марафонду басып өткөн биринчи кыргызстандык аял болуп эсептелет.

Спортчу 226 чакырымды түзгөн марафонду 12,5 саатта басып өткөн. Бул «Темир адам» марафонун Кыргызстандан барган спортчу аялдын биринчи жолку маарага жетиши.

Бул марафондо спортчу төмөнкү багыттарда таймашат:

  • 3,8 чакырымга сууда сүзүү
  • 180 чакырым велеосипед жарышы
  • 42 чакырымга чуркоо

«Фернас Кыргызстандан маарага жеткен биринчи аял. Буга чейин бардык марафондун талаптарын төрт Кыргызстандан барган эркек спортчулар гана аткара алган», — деп билдиришти Кыргызстандын триатлон боюнча федерациясынан.

Мелдеш Данияда болуп өттү. Сууда сүзүү Копенгагенден алыс эмес деңиз булуңунда болду, ал эми чуркоо жана велосипед менен жарышуу шаардын өзүндө жана анын айланасында болуп өттү.

Буга чейин марафонду кыргызстандык Рамазан Каяев, Канат Келсинбеков, Данияр Оморов менен Чыңгыз Алканов өткөн.

«Темир адам» (Ironman) — узак аралыкка болгон триатлон боюнча жыл сайын өтүүчү жарыш.

Жарыш тынымсыз уланган үч баскычтан турат: адегенде сууда сүзүү, андан кийин велосипед менен жүрүп, акырында марафондук чуркоо.

Ironman таймашына көп күч талап кылынгандыктан дүйнөдөгү эң оор бир күндүк жарыштардын бири деп эсептелет.

Биринчи жолу мындай таймаштар 1978-жылы Гавайиде өткөрүлгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: