Liglass Trading сентябрдын аягына чейин 37 млн доллар которушу керек

Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча тендерден утуп алган чехиялык Liglass Trading компаниясы сентябрдын ортосуна чейин 37 млн доллар которушу керек экенин Малекеттик өнөр жай комитети тактаган.

Мамлекеттик өнөр жай, энергетика комитетитин басма сөз катчысы Рыспек Токтоналиев Kloop.kgге курган маегинде Liglass Trading компаниясынын болжолдуу сентябрга чейин акча которгонго убактысы бар экенин билдирди.

«Ал жакта 30 банктык күн бар — бул 50-55 календардык күн, 4-августтан тарта эсептей башташ керек. 10-июлдан эмес 4-августтан баштап», — деди Токтоналиев.

Liglass Trading чех компаниясы июль айынын башында Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСин жана 10 чакан станция куруу боюнча тендерди утуп алган.

Буга чейин Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын орусиялык «Русгидро» компаниясы курушу керек болчу. Бирок Кыргызстандын өкмөтү 2015-жылы алар менен келишимди үзгөн. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, буга Орусиянын экономикасы «солгундап» жатканы себеп болгон.

«Русгидро» келишимдин бир жактуу жокко чыгарылышына жооп катары 37 млн сом өлчөмүндө кун төлөп берүүнү талап кылган. Liglass бул каражатты кыргыз өкмөтүнүн ордуна төлөп берүүнү убада кылган.

Атамбаев июль айында өткөн өзүнүн маалымат жыйынында Liglass Trading менен бир шарт менен гана — эгерде Кыргызстандын «РусГидронун» алдындагы карызын төлөп бербесе — келишимди үзө турганын айткан.

Liglass Tradingдин айланасындагы ызы-чуу чехиялык жана кыргыз журналисттеринин компанияны «чыгашалуу» деп атаган макалаларынан кийин башталган.

Анда фирманын башчысы Михал Смелик алардын эсебинде 383 млн евро бар экенин билдирген. Ал ошондой эле бул каражат өзүнүн 10 жыл аралыгында топтогон акчасы экенин кошумчалаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: