ЖМК: Чехиянын атайын кызматы Liglass Tradingдин ГЭС боюнча келишимин иликтей баштады

Чехиянын маалыматтык коопсуздук кызматы (BIS) Liglass Trading Кыргызстанда ГЭС куруу боюнча тендерди утуп алган жагдайды иликтей баштады. Бул туурасында «Лидове новини» чех гезити өз маалымат булактарына таянып билдирди.

«Лидове новини» гезитинин маалыматы боюнча иликтөө Чехия премьер-министри Любомир Заоралектин өтүнүчү менен жүрүүдө. Гезиттин атайын кызматтагы маалымат булагы Заоралек BISти иликтөө менен алектенишин суранганын айткан, бирок азырынча жыйынтык чыга элек.

Liglass Trading — Жогорку Нарын ГЭСи менен 10 кичи станция куруу боюнча тендерден утуп алган чехиялык компания. Бирок журналисттер аталган компаниянын мындай долбоор үчүн тажрыйбасы жоктугунан шек санап калышкан.

Басылмага расмий түрдө иликтөө жүрүп жатканын эч ким тастыктаган эмес, бирок «Лидове новини» көз карандысыз үч маалымат булактан бул боюнча тастыктама алган.

Басылма өзүнүн макаласынын жарымында Кыргызстандын президентинин аппарат башчысы Сапар Исаковго дагы көңүл бурган, анда журналисттер Исаковду чех компаниясынын кызыкчылыктарын Кыргыстанда сүрөөнгө алып жатканынан шектенишкен.

Чех президентинин канцелярия башчысы Вратислав Минарж 2016-жылы күзүндө Исаковго кат жөнөткөн, катта ал Liglass Tradingди Кыргызстанда ГЭС курганга жөндөмдүүлугү бар компания катары сунуштаган.

Ал эми Минарж өзү «Лидове новини» гезитине акыркы эки айдын ичинде Исаков менен 40 жолу, 23 жолу августта жана 18 жолу июль айында, сүйлөшкөнүн айткан.

Liglass Tradingгдин айланасындагы ызы-чуу

Мамлекеттик өнөр жай комитети 2017-жылдын май айында Кыргызстанда ГЭС куруу боюнча тендер жарыялаган. Конкурстун жеңүүчүсү болуп Liglass Trading компаниясы табылган.

Өкмөт Liglass менен келишимге кол койгон, документке ылайык чех компаниясы Жогорку Нарын ГЭСи менен 10 чакан станция курушу керек.

Liglassка чейин Жогорку Нарын ГЭС долбоору боюнча орусиялык «РусГидро» компаниясы алектенген, бирок кыргыз өкмөтү ал компания менен келишимди үзгөн. Президент Алмазбек Атамбаев «Русгидро» Орусиянын «экономикасы солгундап» жатканына байланыштуу ГЭС кура албастыгын билдирген.

Liglass Tradingдин айланасындагы ызы-чуу чехиялык жана кыргыз журналисттеринин компанияны «чыгашалуу» деп атаган макалаларынан кийин башталган. 2014-жылы аталган фирма болжолдуу 50 миң доллар чыгашага учураган. Бирок, Кыргызстандын мамлекеттик өнөр жай комитети Liglass Tradingдин эсебинде 383 млн евро бар экенин билдирген.

Компаниянын башчысы Михал Смеликтин айтымында, курулушка жумшала турган каражаттын көпчүлүгү анын жеке топтогон акчасы.

Август айынын башында «Электр станциялар» компаниясынын акционерлери чех компаниясы менен болгон келишимди жактырышкан. Келишимге ылайык, Liglass Trading Нарын менен Акбулуң ГЭСтерин куруу үчүн 230 млн доллар бөлүшү керек.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: