Башкы прокуратура «Сентябрь» телеканалынын өкүлдөрүн сотко чакырды. Ага «экстремисттик материалдар» себеп болгон, бирок кайсы материал экени азырынча белгисиз.  

Телеканалдын өкүлү Кайыргүл Умурканова Kloop.kgнин кабарчысына Башкы прокуратура «Сентябрды» «экстремисттик материалдар» боюнча сотко бергенин билдирди.

Телеканал сотко расмий чакыруу алган эмес, кызматкерлерге Башкы прокуратуранын өкүлдөрү чалып 22-августта саат 14:00гө Бишкектин Биринчи май райондук сотуна чакырышкан.

«Алар чакыруу жөнөтүшкөнүн айтышты, бирок бизге эч нерсе келген эмес. Бизде эртең мененки түз эфирде маанайшат берүү болуп жаткан. Ал жактын модераторуна чалып биздин сотко келүүбүздү айтышкан», — деди Умурканова

Ал ошондой эле кайсы «экстремисттик материалдар» жөнүндө сөз болуп жатканын билбестигин айтты. Анын айтымында, телеканал эфирге экстремисттик мүнөздөгү эч нерсе чыгарган эмес.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин журналистине сотко телеканалга каршы арыз берилгенин тастыктады.

«Арыз экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы үчүн берилген», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Бирок ал кайсы материал экстремисттик деп таанылганын ачыктаган жок.

«Сентябрь» телеканалы 1999-жылы негизделген. Телеканалды 16-августта коррупция жана алдамчылык боюнча соттолгон оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга байланыштырышууда.

Ал эми саясатчы өзү ага карата ишти көпчүлүк учурда бийликти жана президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн «саясий мүнөздүү» деп эсептейт.

Сүрөт: Телеканалдын «Фэйсбук» барагынан алынды

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: