Милиция Кара жыгач токойчосунда 16 жашар кызды зордуктаганга шектелип жаткан үч баланы кармады. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, балдар эки айга тергөө изоляторуна камалды.

Бишкек ШИИБинен билдиришкендей, окуя 13-августта саат 22:00дөр чамасында болгон. 16 жаштагы эки өспүрүм Кара жыгач токойчосунда сейилдеп жүргөн учурда үч бала аларга кол салган.

«Зомбулук менен күч колдонуп коркутуп, алар өспүрүмдөрдүн телефондорун тартып алышкан, андан соң кызды жигитинин көзүнчө зордуктап салышкан», — деп айтышты милициядан.

Шектүүлөр 18-августта колго түшүрүлгөн, алар Жалал-Абад облсунун тургундары болуп чыкты. Зомбулук жана карактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, алар эки айга тергөө изоляторуна камалды.

Кыргызстандын кылмыш-жаза кодексине ылайык, жашы жете электерге зомбулук көрсөтүү үчүн 15-20-жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Тергөө жүрүп жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: