Сот аялды зордуктаган таксистке чыгарган өкүмүн 8 жылга чейин күчөттү

Ысык-Көл райондук соту 5 жаштагы баласынын көзүнчө жүргүнчүсүн зордуктаган таксистке чыгарган өкүмүн күчөттү. Ага каршы чыгарылган үч жылдын ордуна сегиз жыл эркинен ажыратуу өкүмү коюлду.

Сот 15-августта таксистке карата берилген убакты узарткан өкүм чыгарды, кылмышкер ошондой эле жабырлануучуга 100 миң сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттендирилди.

Үстүбүздөгү жылдын январында Тоң райондук сот кылмышкерди үч жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Анда жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары такситтин балдары болгондугу менен буга чейин соттолбогону негиз болгон.

Соттун бул чечими коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Жабырланган аялдын адвокаты соттон ишти кайра карап чыгууну жана  айыпталуучуну сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылган.

Адвокат зордуктоо кылмыш ишине күбө болгон баланын көзүнчө болуп ага коркунуч жаралганын эскерткен. КР Кылмыш Жаза кодексине ылайык, зордуктоо үчүн эң аз дегенде 5 жыл эркинен ажыратуу карлаган.

Зордуктоо жабырланган аял беш жаштагы баласы менен Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда 2016-жылдын 29-июлунда болгон. Жабырлануучу аялдын айтымында, ал таксиге отуруп шаардын борборуна жеткирип коюуну суранган, бирок айдоочу жолду өзгөртүп аны менен баласын тоолорду көздөй алып кеткен.

Шаардын четинен таксист машинасын токтотуп аялды күчкө салып жарды көздөй сүйрөп кеткен, ошол жерден кылмыш жасаган.

«Ал менин кийимимди чечип, зордуктап салды. Менин беш жаштагы балам анын баарын көрүп, унаанын ичинде кыйкырып турду. Андан соң тигил баламды унаадан түшүрүп, укук коргоо органдарына кайрылсам өлтүрүп сала турганын айтып коркутуп туруп кетип калды», — деген ал.

Жабыркаган аял дароо эле укук коргоо органдарына кайрылып, кылмышкер болсо кийинки күнү кармалган. Ал тергөө учурунда кармалган адамдын туугандары аны сатып алууга аракет жасашып милициядан арызды кайтарып алууну суранышканын билдирген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: