«Сентябрь» соттун телеканалды жабуу чечимин даттанат

«Сентябрь» телеканалынын өкүлдөрү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун телеканалды жабуу боюнча чечимин даттанат. Мындан тышкары алар сот Жылдыз Жумабаевага каршы арыз беришет.

«Сентябрь» телеканалынын өкүлү Кайыргүл Урумканова Kloop.kgнин журналистине телеканал соттун чечимин даттана турганын айтты.

«Учурда биз бул чечимди даттануу үчүн керектүү документтерди чогултуп жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле Урумканова каналдын жабылышы боюнча чечим чыгарган сот Жылдыз Жумабаевага каршы арызданышаарын кошумчалады. Телеканалдын өкүлдөрүнүн айтымында, соттун чечими «мыйзамсыз» болгон.

Телеканал өзүнүн фэйсбук барагында эн белгисин «Сентябрдан» «Чолпон» деген логотипке алмаштырган. Урумканованын айтымында, бул телеканалды коомдук тармактардан тосмого алынбашы үчүн кылынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-августта Башкы прокуратуранын арызы боюнча телеканалды жабуу өкүмүн чыгарган. Ага телеканалдан «экстремисттик мүнөздөгү» материалдын эфирге чыкканы себеп болгон.

Башкы прокуратура 2016-жылы жабылган каналдын аналогдук форматында Жалал-Абадда көрсөтүлгөн материалды «экстремисттик» деп тапкан.

Урумканова «Сентябрь» телеканалы ошол эле 2016-жылы санарип форматындагы көрсөтүүгө өткөнүн жана жабылган каналга эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, телеканал Ош облустук ИИБдин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун «Жээнбековду сындаган» сөзүн чыгарганы себеп болгон. Кийинчерээк Капаров 4 жылга соттолгон, бирок ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Ошол эле учурда кайсы Жээнбеков жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз: оппозиционер Равшан Жээнбеков тууралуубу, же болбосо мурдагы парламенттин спикери Асылбек Жээнбековбу же учурдагы КСДП партиясынан президенттик шайлоого талапкер болуп жаткан мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жөнүндө сөз болуп жатканы такталган эмес.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: