Текебаевдин жактоочусу адвокаттык лицензиядан ажырап калышы мүмкүн

Бишкектин Биринчи май райондук соту юрист Канат Хасановго карата адвокаттык лицензиясынан ажыратуу боюнча токтом чыгарды. Адвокат өзү бул нерсени «мыйзамсыз» жана аны даттануу «маанисиз» деп эсептейт.

Хасанов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтомуна байланыштуу лицензиядан ажырап калышы мүмкүн.

Анын айтымында, бул оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМнин башчысы Дүйшөнкул Чотоновго каршы соттук отурумдун жүрүшүндө 15-августта болгон.

Хасанов сот Айбек Эрнис уулу мындай чечимди Текебаев боюнча соттук жыйындын созулуп кеткенине наарызылыгын билдиргенден кийин болгонун түшүндүрдү. Юрист бул токтом мыйзамсыз деп эсептейт.

Хасанов Кыргызстандын адвокаттар ассоциациясына аны коргоого алуу өтүнүчү менен кайрылган.

«Мен юрист катары бул жеке аныктаманы мыйзамсыз деп эсептейм. Мен анда сот Эмгек кодексин бузуп, отурумду саат 18:00дөн кийин улантып жатканына нааразы болгом. Ошондо ал мага кечки саат сегизде жеке аныктама чыгарган. Мен адвокаттар ассоциациясынын этика боюнча комитетине арыз бердим. Алар бул аныктамага укуктук баа беришет», — деп айтты ал.

Хасанов токтомду жогорку инстанцияларда даттанууга камданып жатат, бирок аны баары бир бийликтин кысымы менен мыйзамдуу деп табышат деп эсептейт ал.

«Мына соттор менен укук коргоо органдары кыянаттык кылып өздөрүнүн жеке амбициялары үчүн мыйзамды ары-бери тарткылагандарга ачык каршы чыккандар менен ушинтип күрөшүшөт», — деди ал.

Текебаевдин иши

Оппозициячы Өмүрбек Текебаев 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин бири.

Саясатчы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алгандыгы боюнча күнөөлүү деп табылган. Текебаевдин мүлкү мамлекеттин эсебине чегерилип, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок саясатчы берилген мөөнүттүн 4,5 жылын гана камакта өткөрөт. Сот БУУнун адам уктары боюнча декларациясын кабыл алгандыгына 65 жыл толгонуна байланыштуу Текебаевге карата мунапыс колдонгон.

Ал эми Текебаев менен анын тарапташтары саясатчыга каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп эсептейт.

Текебев камакка алынганга чейин бийликтин эң башкы сынчыларынын бири болгон, көпчүлүк учурда президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып келген.

Сүрөт: Канат Хасановдун Фейсбуктагы барагынан алынды

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: