Шайлоо-2017: Мадумаров Боршайкомго кол белгилерди тапшырды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясына кол белгилер барактарын тапшырды. Аны 43 миңге жакын шайлоочу колдогон.

Мадумаров БШКга кол белгилерди 22-августта тапшырган. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан президенттикке талапкер Адахан Мадумаровду 43 миң шайлоочу колдогон.

Мыйзам боюнча БШКнын жумушчу тобу он күн ичинде кол белгилердин аныктыгын текшерип чыгышы керек.

Эгерде чогултулган кол белгилердин 30 миң түп нускасы аныкталса, Мадумаров президенттикке талапкер болуп катталат.

Мурдараак Мадумаров Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү-Прогресс», Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин «Ата-Журт Мекенчил» партиялары менен бириккен.

Бир партиянын алдына биригүү «элдин биримдиги менен сасий турууктуулугу» үчүн болгон. Бириккен төрт саясатчы президенттик шайлоого бир талапкерди алып чыгышмакчы.

Учурда Боршайком расмий түрдө үч талапкерди каттады. Алар: мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбеков.

Президенттикке дагы бир талапкер Бакыт Төрөбаев 22-августта кол белгилерди тапшырган, азырынча ал Боршайкомдун чечимин күтүүдө. Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: