Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болуп калды. 58 кг салмактагылар арасындагы кармашта Тыныбекова кытайлык спортчуну жеңген.

Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча таймашууда Айсулуу ⅛ финалдан баштаган.

Турнирдин биринчи кармашында кыргызстандык спортчу эч кыйналбай Германиядан келген атаандашы Лаура Мартенсди жеңип алган.

Таймаштын ¼ финалындагы оор кармашта Тыныбекова Нигериянын өкүлү Аденийи Аминат Олувафунминалайодон жеңишти сууруп алган.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу тунисттик Рио олимпиадасынын коло байгесинин ээси Марве Амриден утулуп калып, сооротучу беттешке чыккан, анда ал кытайлык Нининг Ронг менен кездешкен.

Дүйнө чемпионатынын биринчи таймашуу убактысында Тыныбекова 2:5 эсебинде каршылашынан артта келе жаткан. Жолугушуунун экинчи таймашында Айсулуу бир эле упайга артта калып, эсепти 4:5 кылганга жетишкен. Акыркы секундаларда Тыныбекова эки упай топтоп 6:5 эсеп менен атаандашынан жеңишти сууруп алган.

Таймаштын видеосу:

Учурдагы күрөш боюнча Азия чемпиону өз карьерасында биринчи жолу улуулар арасындагы дүйнө чемпионатынын медалына ээ болду.

Турнирдин үчүнчү таймашуу күнүндө Кыргызстандан дагы эки кыз чыкты. Алар Назира Марсбек кызы (55 кг) жана Айпери Медет кызы (75 кг). Бирок алар тандоо баскычынан чыгып калып медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк ала алышкан жок.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Парижде 21-26-августка чейин өтөт. Айсулуу Тыныбекованын коло медалы улуттук кураманын куржунундагы биринчи байге болуп саналат.

Сүрөт: AFP/JACK GUEZ

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: