Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын арызынын негизинде «Сентябрь» телеканалын жабуу чечимин чыгарды. Соттун чечимине ылайык алардын дооматы эмнеде?

«Сентябрь» телеканалы 22-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыгып жабылды. Телеканал «экстремисттик мүнөздөгү» материалдарды чыгаруу боюнча айыпталган, бирок кайсы материал экени түшүнүксүз. Анткени сот өзүнүн чечимин «Сентябрдын» өкүлдөрүнө берген эмес.

«Сентябрь» жабуу чечимине Ош облустук ИИБдин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун мамлекеттик чиновниктерди катуу сынга алганы себеп болгонун айткан. Бирок 23-август кечинде жагдай белгилүү болуп, телеканал соттун чечимин ачыктаган.

Жабууга эмне негиз болгон?

Кыргызстандын улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эксперттери төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен: Жалал-Абадда 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын «Негизги тема» программасында чыккан көрсөтүү экстремисттик мүнөздөгү мазмунду камтыйт.

Көрсөтүү эмне жөнүндө болгон?

«Негизги тема» телеберүүсүнүн алкагында Капаров 2014-жылы Ош облусунун Араван районундагы «Маткасым» мектебинин 90 жылдык мааракесин майрамдоо жөнүндө журналисттер менен маектешкен.

Абдылда Капаров

Ал мааракени белгилөө учурунда Өзбекстандын туусу көтөрүлгөнүн жана коңшу өлкөнүн гимни жаңырып, салтанатка катышкан адамдар колдорун жүрөгүнө коюшканын айткан.

Капаров эфир учурунда 1990-жылдагы Кыргызстандын түштүгундө болгон окуяны мисал келтирип, «мындай нерселер Кыргызстанда болбошу керектигин» билдирген. Ошондой эле ИИБдин мурдагы начальниги 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча күнөөлүү деп табылган өзбек жамаатынын башчысы Кадыржан Батыровго карата чыгарылган өкүмдү сынга алган.

Эксперттер кандай жыйынтык чыгарган?

Эксперттер Капаровдун билдирүүсү «өлкөнүн туруктуулугуна зыян келтирет» деп эсептөөдө, анткени эфир учурунда ал «2010-жылдагы июнь коогасында чындыкка коошпогон фактыларга» басым кылып сүйлөгөн. Эксперттер Капаровдун сөзүндө улуттар аралык кастыкты козуткан белгилерди табышкан.

Комиссия Капаровдун интервьюсу «элдин аң сезими менен эркине таасир этип, аларды кандайдыр бир ишке түрткү кылат» деген жыйынтыкка келген. Эксперттер Капаров «улут аралык кастыкты ачык козутууга багытталган мыйзамдагы тыюулардын бар экенин билип туруп, абалды курчутууга аракет кылган» деп эсептешкен.

Сот кандай чечим чыгарды?

ЖМК жөнүндөгү мыйзамдар согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого үндөгөн материалдарды ачык таратууга тыюу салат. Сот чечимине ылайык, «Сентябрдын» материалында мындай бузуулар болгон.

Төмөндөгүлөр эске алынып, «Сентябрь» телеканалындагы Абдылда Капаровдун 2016-жылдын 29-сентябрында интервью катары берген маеги экстремисттик деп табылып, сот «Сентябрдын» лицензиясын чакыртып алган.

Ал эми бир тууган Жээнбековдорчу?

Өкүм чыккандан кийин «Сентябрдын» өкүлдөрү чечим мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен анын агасы жана мурдагы парламенттин спикери Асылбек Жээнбековдун дарегине айтылган сын пикирлерге байлашынтуу болгонун айтышкан.

Бирок соттун чечиминде аталган аткаминерлердин биринин дагы ысымы жазылган эмес. Алардын бирөөсү — учурда бийликчил социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер болуп аттанып жаткан Сооронбай Жээнбеков.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: