Көпчүлүк коалиция Исаковду премьер-министрлик кызматка жактырды

Көпчүлүк коалиция Сапар Исаковдун өкмөт башчылык кызматка талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн курамын жактырды.

Парламенттик көпчүлүк коалициясы 25-августта премьер-министрлик кызматка Исаковдун талапкерлигин колдоду. Ал депутаттарды өзүнүн өнүгүү жана реформа жүргүзүү боюнча программасы жана өкмөттүн жаңы курамы менен тааныштырды.

Исаков толугу менен өз программасын ачыктаган жок, бирок ал бир айда даярдалганын айтып, «өлкөнүн бардык көйгөйлөрүн чечем» деп белгиледи.

«Элдер программаны түшүнүп, аны экиге бөлүп алуусу үчүн даярдалган. Биз президенттин тапшырмасына ылайык Кыргызстандын 2020-2040-жылдарга чейин өнүгүү стратегиясын жазып чыктык. Ал өлкөнүн бардык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган», — деди Исаков сүйлөп жатып.

Көпчүлүк коалициясына кирген КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир бол» фракциялары Сапар Исаков сунуштаган өкмөттүн курамы менен түзүмүн карады.  

Исаков сунуштаган өкмөт курамы төмөндөгүдөй:

  • Премьер-министр – Сапар Исаков;
  • Биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов;
  • Экономика маселелери боюнча вице-премьер-министр – Дүйшөнбек Зилалиев;
  • Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Темир Жумакадыров;
  • Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова;
  • Экономика министри – Артем Новиков;
  • Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети – Улан Рыскулов;
  • Мамлекеттик байланыш агенттигинин трагасы – Нурбек Абасканов;
  • Өкмөт аппаратынын жетекчиси – Нурханбек Момуналиев.

Мурунку кызматында калгандар:

  • Каржы министрлиги – Адылбек Касымалиев;
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги – Нурбек Мурашев;
  • Жол жана транспорт министрлиги – Жамшитбек Калилов;
  • Билим берүү жана илим министрлиги – Гүлмира Кудайбердиева;
  • Юстиция министрлиги – Уран Ахметов;
  • Тышкы иштер министрлиги – Эрлан Абдылдаев;
  • Ички иштер министрлиги – Улан Исраилов;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – Кубатбек Боронов;
  • Маданият маалымат жана туризм министрлиги – Түгөлбай Казаков;
  • Саламаттык сактоо министрлиги – Талантбек Батыралиев;
  • Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги – Таалайкүл Исакунова;
  • Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитет – Мирбек Касымкулов;
  • Улуттук коопсуз мамлекеттик комитети – Абдил Сегизбаев;

Которгон Алмир Амамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: