Атамбаев Сапар Исаковду өкмөт башчылык кызматка дайындоо жарлыгына кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду премьер-министрликке дайындоо боюнча жарлыкка кол коюп, өкмөттүн жаңы курамын бекитти.

Парламент Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка бекитти. Бул кандай болгон?

Атамбаев жарлыкка 26-августта кол койду. Сапар Исаков президенттин администрация башчысы кызматынан кетип премьер-министр болуп дайындалды.

Ошондой эле Атамбаев Сапар Исаков сунуштаган өкмөттүн курамын бекитти.

Буга чейин 25-августта көпчүлүк коалициянын жыйынында Сапар Исаковдун премьер-министрлик кызматка талапкерлиги колдоого алынган.

Ал депутаттарды өзүнүн «бир ай аралыгында өлкөнүн бардык көйгөйлөрүн чече турган» өнүгүү жана реформа жүргүзүү боюнча программасы менен тааныштырган.

Сапар Исаков деген ким?

Сапар Исаков өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин мурдагы президенттик администрация башчысы. Аны көп учурда президенттин «оң колу» жана өлкө башчынын ишениминдеги адамдардын бири деп атап келишкен.

Ал 2017-жылдын январына чейин президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары болгон, ага чейин беш жыл ушул эле ведомстводо тышкы саясат бөлүмүн башкарган. Исаковду 2017-жылдын март айында Фарид Ниязовдун ордуна президенттин аппарат башчысы кызматына дайындашкан.

Президенттик шайлоо башталаарга чейин Исаковду өлкө башчылык кызматка мүмкүн болгон талапкерлердин бири катары аташкан, бирок ал бул сөздөрдү четке кагып, президенттикке талапкер болуп аттанбасын билдирген.

Президенттик шайлоого бир жарым ай калганда Сооронбай Жээнбеков 22-августта КСДП партиясынын атынан президенттик шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик кызматтан кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүркулов фракция премьер-министрлик кызматка 40 жаштагы Сапар Исаковдун талапкерлигин чыгарып жатканын билдирген.

Дароо эле Өмүркуловдун билдирүүсүнөн кийин интернет түйүндөрүндө Исаковдун абийирин ачкан видео пайда болгон, бирок ал тасмадагы маалыматтарды четке кагып аны «президенттикке талапкерлердин биринин буйрутмасы» деп атаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: