Парламент жаңы өкмөттү 25-августта дайындайт

Президент Алмазбек Атамбаев парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековду өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн парламенттин кезексиз жыйынын 25-августка белгилөөнү суранды.

Парламент өкмөттүн жаңы курамын шайлаш үчүн 25-августта кезексиз жыйынга чогулат. Бул туурасында «АКИпресс» басылмасы парламенттин басма сөз кызматына таянып жазып чыкты.

Аткаруу органы бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынан президенттик шайлоого ат салышуу үчүн чыгып жаткан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин 22-августта таркатылган.

Парламенттин кезексиз жыйынын чогултууну президент Атамбаев демилгелеп чыкты, ал 22-августта фракция башчыларын чогултуп, «кыска мөөнөттө» өкмөттү түзүүнү суранды.

«[…] Өлкөдөгү мамлекеттик аткаруу органы болуп көрбөгөндөй эфективдүү жана туруктуу болушу керек, кыска мөөнөттө өкмөттүн жаңы толук кандуу түзүмү куралышы керек деп эсептейм», — деди Атамбаев.

Боршайком 21-августта келерки шайлоого Жээнбековду президенттикке талапкер катары каттады.

Өкмөт куралганга чейин премьер-министрдин ыйгарым укуктарын вице премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев аткарат. Азырынча ал парламенттин кезексиз сессиясынан кийин министрлер кабинетин жетектеп калабы-жокпу белгисиз.

Кыргыз ЖМКлары премьер-министрлик кызматка учурдагы президенттин администрация башчысы Сапар Исаков келиши ыктымалдыгын жазышууда, бирок ал өзү да же башка жогорку кызматтагы аткаминерлер бул маалыматты ырастаган жок.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: