«Сентябрь» интернетте «Жалбырак ТВ» катары көрсөтүлөт

«Сентябрь» телеканалы соттун чечимине ылайык 28-августта өзүнүн көрсөтүүлөрүн токтотту. Бирок ал интернетте «Жалбырак ТВ» деген жаңы аталышта өз ишин улантат.

«Сентябрь» телеканалынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова Kloop.kgнин журналистине берген интервьюсунда телеканалдын аталышы менен көрсөтүүлөрдүн YouTubeга өтүшү бийликтин кысымына байланыштуу болгонун билдирди.

Урумканованын айтымында, кабелдик жана санариптик түйүндөр телеканалдын көрсөтүүлөрүн кабыл алуудан баш тартышкан.

«Бир жума мурун биз өзүбүздүн YouTube каналыбызды ачкан элек, ошондо биздин негизги көрүүчүлөр мигранттар экенин түшүндүк. Материалдардын коомдук түйүндөргө жайгаштырылышы аларга ыңгайлуу», — деди ал.

Ошондой эле Урумканова телеканалга карата кысым былтыр журналисттерди президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынына киргизбей коюшкан учурдан башталганын айтты.

«Ошондон кийин "Сентябрга" каршы кампанияга старт берилген. Бардык мамлекеттик органдар бизди аккредитация кылуудан жана иш-чараларга чакыруудан баш тартышкан», — деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-августта Башкы прокуратуранын арызы боюнча телеканалды жабуу өкүмүн чыгарган. Ага телеканалдан «экстремисттик мүнөздөгү» материалдын эфирге чыкканы себеп болгон.

Башкы прокуратура 2016-жылы жабылган каналдын аналогдук форматында Жалал-Абадда көрсөтүлгөн материалды «экстремисттик» деп тапкан.

Урумканова «Сентябрь» телеканалы ошол эле 2016-жылы санарип форматындагы көрсөтүүгө өткөнүн жана жабылган каналга эч кандай тиешеси жоктугун айткан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, телеканал Ош облустук ИИБдин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун эфир учурунда Кыргызстанда өзбек туусу менен өзбек гимни ойнолгону «болбошу керектигин» билдиргенин чагылдырган.

«Негизги тема» телеберүүсүнүн алкагында Капаров 2014-жылы Ош облусунун Араван районундагы «Маткасым» мектебинин 90 жылдык мааракесин майрамдоо учурунда тургундар Өзбекстандын гимнин угуп жана өзбек туусун колдоруна кармап желбиретишкенин айткан.

Кйинчерээк Капаров 2017-жылдын 21-июнунда «коомдун алдында конституциялык түзүмдү күч колдонуп өзгөртүүгө үндөгөнү» боюнча 4 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал өз күнөөсүн мойнуна алган эмес.

«Сентябрь» телеканалы Кыргызстанда бир жарым жыл көрсөтүлгөн. Телеканал 1-апрелден тартып Бишкекте жана Чүй облусунда көрсөтүлө баштап, бир нече айдан кийин өлкө боюнча эфирге чыга баштаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: