Төрөбаевдин шайлоо фондунун көлөмү Бабановдукунан ашты

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин шайлоо фондуна 44 млн сом түштү. Буга чейинки эң чоң шайлоо фонду Өмүрбек Бабановдуку болчу, ал 32 млн сомду түзгөн.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын штабынан билдиришкендей, фонд Төрөбаев президенттикке талапкер катары катталгангандан кийин дароо толукталган.

Азырынча Төрөбаев шайлоого даярданууга канча каражат короткону белгисиз.

Буга чейин Төрөбаев шайлоого катышууга билдирме берген саясатчылар Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров менен бир партиянын алдына бириккени белгилүү болгон.

Саясатчылар төрт талапкердин арасынан бирөөсүн колдой турганын айтышкан, бирок алар азырынча анын ысымын ачыкташа элек.

Буга чейин эн чоң каражат президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо фондунда болчу. Каражаттын өлчөмү 32 млн сомду түзгөн, анын ичинен саясатчы 24 млн сомун коротуп койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 28-августуна карата төрт талапкерди президенттикке талапкер катары каттаган. Алар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанган Өмүрбек Бабанов, «Ак шумкар» партиясынан Темир Сариев, КСДП партиясынан Сооронбай Жээнбеков жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бакыт Төрөбаев.

Үгүт иштери 10-сентябрда башталат, ал эми президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: