Атамбаев президенттик шайлоо жөнүндө: «Административдик эмес каржылык ресурстан коркуу керек»

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоодо президенттикке талапкерлердин колундагы каражат ресурстары коркунуч жаратат деп эсептейт. Буга чейин бийликчил КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду бир нече жолу административдик ресурс колдонуу боюнча айыпташкан болчу.

Атамбаев Бишкек ЖЭБин оңдоодон кийин ачылыш аземинде сүйлөп жатып шайлоодо административдик эмес каржылык ресурстардан коркуу керектигин билдирди, анткени «дал ошол шайлоочу менен кошо добуш берүүгө кирет».

«Ошол акчаларды административдик ресурс деп кыйкырып жүргөн адамдар таркатышат», — деди Атамбаев.

Анын айтымында, шайлоо алдында административдик ресурс колдонулуп жатат деп айтып жатышкан адамдар «15-октябрдан кийин кандайдыр бир негиздер менен өлкөдөгү абалды туруксуздаштырганды каалап жатышат». Президент өлкөнү туруксуздаштырууга жол бербестигин айтты.

«Мен айтып койгум келет, мен 1-декабрга чейин ушул өлкөнүн президентимин. Менин өлкөнү кайра дүрбөлөңгө салууну аракет кылгандардын бардыгын абдан катуу жазалаганга убактым жетет», — деди ал.

Буга чейин башка президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Рита Карасартова бийликчил КСДП партиясынан президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековду «административдик ресурс колдонууда» деп айыпташкан. Бирок борбордук шайлоо комиссиясы Жээнбековдун иш-аракеттеринен мыйзам бузууларды тапкан эмес.

Мурдараак Атамбаев Жээнбековдун талапкерлигин Кыргызстан үчүн «жакшы тандоо» жана ал «чынчыл адам» деп атап колдоого алган.

Жээнбеков президенттик шайлоодо талапкерлерге «бирдей шар түзүү үчүн» премьер-министрлик кызматтан кеткен.

Бирок министрлер кабинетинин башчылык кызматына Атамбаевдин «оң колу» деп аталып жүргөн президенттик адаминистрациянын мурдагы жетекчиси Сапар Исаковду дайындашкан.

«Республика — Ата-Журт» парламенттик фракциясы Исаковду өкмөт башчылыкка дайындоо президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этет деп кооптонуп жаткан.

Бирок Сапар Исаков өзү парламенттин кезексиз жыйынында депутаттарды таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылам деп ишендирген.

Ал эми президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Сүрөт: «Кабар»

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: