Милиция жүрүп бараткан машинанын үстүнө чыгып алган балдарды тапты

Патрулдук милициянын кызматкерлери жогорку ылдамдыкта жүрүп бара жаткан машинанын үстүнө чыгып алган балдарды тапты. Айдоочуга 3000 миң сом өлчөмүндө штраф салынып, ал эми тасмадагы машинанын үстүндө кетип бара жаткан каармандардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ош ИИБинин басма сөз кызматынан тез ылдамдыкта жүрүп бара жаткан унаанын үстүндөгү балдар Ош облусундагы Алай районунун тургундары болуп чыкканын билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, машинанын айдоочусуна үч миң сом штраф салынды.

«Видеодогу калган каармандар студенттер. Алар борбордогу жогорку окуу жайларга тапшырышып Бишкекте жүрүшөт. Биз алардын жашаган жерин аныктап чыктык, балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», — деп маалымдашты ИИБдин басма сөз кызматынан.

Бул окуянын жагдайын 21-августта OMKS аттуу коомдук желедеги тайпага жарыялашкан. Анда жаш жигит машинанын үстүнө чыгып алып кетип бара жатканын, ал эми калгандары терезеден баштарын чыгарып алганын көрүүгө болот. Ал учурда машинанын спидометри саатына 90 чакырым ылдамдыкты көрсөтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: