Видео: Чоң ылдамдыкта жүргөн машинанын үстүндөгү балдар изделүүдө

Патрулдук милиция чоң ылдамдыкта жүрүп бара жаткан машинанын үстүнө чыгып алган бала тартылган видеонун авторлорунун бирин издеп жатат. Экстремалдык саякаттын видеосу OMKS тайпасына чыгарылган.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан өспүрүмдөрдү издеп жатышканын жана алар «авто бейбаштык» үчүн административдик жоопкерчиликке тартылаарын айтышты.

«ИИМдин жетекчилиги бул ишти жеке көзөмөлгө алды. Алар үч миң сомдон беш миң сомго чейин айып тартышат», — деп айтышты басма сөз кызматтан.

Тасма кайсы облуста тартылганы белгисиз болгондуктан аларды издөө татаалдап жатат. Милиция учурда видео тасмадагы каармандардын тек-жайын тактоо менен алектенүүдө.

Видео OMKS аттуу коомдук желедеги тайпада жайгаштырылган. Анда жаш жигит машинанын үстүнө чыгып алып кетип бара жатканын, ал эми калгандары терезеден баштарын чыгарып алганын көрүүгө болот. Ал учурда машинанын спидометри саатына 90 чакырым ылдамдыкты көрсөтөт.

Сүрөт: «Спутник»

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: