Шавкат Мирзиёев алгачкы жолу Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-сентябрда Кыргызстанга алгачкы жолу иш сапары менен келет. Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин талкуулай турган темаларынын бири чек ара меселелери болот.

Мирзиёевдин Кыргызстанга келүү сапары боюнча эки өлкөнүн премьер-министрлеринин, Сапар Исаков менен Абдулла Ариповдун телефондук сүйлөшүүлөрүнөн кийин белгилүү болду.

Мирзиёев менен Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоону жана демаркациялоону талкуулай тургандары күтүлүүдө, ошондой эле Андижан — Ош — Эркечтам темир жолун куруу маселесин сүйлөшүшөт.

Август айынын ортосунда Атамбаевдин Өзбекстанга бара турганы белгилүү болгон, бирок качан бара турганы маалымдалган эмес.

Бул Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон алгачкы сапары. Буга чейин Алмазбек Атамбаев менен Мирзиёев 2016-жылдын 24-декабрында Өзбекстанда жолугушушкан.

Ошол кезде президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаковдун айтымында, Атамбаев Мирзиеев президент болуп шайлангандан бери Өзбекстанга келген алгачкы чет өлкөлүк президент болуп калган.

Анда Атамбаев эки өлкөнүн «алакасын жакшыртууга басым жасап, керексиз чектөөлөрдү алып салуунун зарылдыгын» билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мирзиёев өлкөлөр «соода-сатык мамилелер менен товар айланымын өстүрүү» керектигин маалымдаган.

«Ушул үч айда (Ислам Каримов кайтыш болгондон кийин) силердин делегация бизге келген, биздин делегация силердикине барган, биздин эки элдин ортосунда абдан көп жакшы нерселер болду. Алар бул нерсени көптөн бери күтүшкөн», — деп айткан Мирзиёев.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мирзиёев жеке өзү Атамбаевди аэропортко узатып барган.

Чек аралар боюнча сүйлөшүүлөр

Жылдар аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара жана гидроэнергетикалык ресурстар маселелери боюнча начар мамиледе болуп турушкан.

Кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов кайтыш болгондон кийин Мирзиёевдин бийликке келиши менен жандана баштаган.

Соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстан чек араларды тактоо маселелри боюнча бир катар жолугуушуларды өткөзүшкөн, мындан тышкары эки өлкөнүн бийлиги бири-бирине делегациялардын сапарын уюштурушкан.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы 58 аймакта 300 чакырым жер такталган эмес. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1370 чакырымды түзөт.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо маселеси Советтер биримдиги тарагандан бери чечилбей келет, анткени Борбор Азиядагы өлкөлөр жерлерди тактоо үчүн ар кандай документтер менен карталарды сунуштап келишет.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жерлери Фергана өрөөнүндө тыгыз болуп, өлкөлөр ортосунда катаал чек ара тутумун түзөт. Анткени бири-биринин аймагында жайгашкан анклавдар абалды оорлоштуруп турат.

Чек аранын макулдашылбаган жерлеринде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда далай жолу чыр-чатактар чыгып турат.

Сүрөт: Султан Досалиев


ТЕМА БОЮНЧА: