Бишкек: Ботаникалык бакчадагы өрт өчүрүлдү

Ботаникалык бакчадагы кезектеги өрт өчүрүлдү. Бул эсеп боюнча Ботаникалык бакчадагы тогузунчу жолу чыккан өрт. Натыйжада эки гектар жердеги кургак чөптөр күйүп кеткен.

Маалымат 17:15де жаңыртылды

Өрт бир сааттан ашык болуп, эки гектар жердеги кургак чөптөрдү күйгүзүп кеткен. Өрт өчүрүү кызматынан өрт өчүрүлбөй ыргытылган тамекинин айынан чыкканын айтышты.

«Өрттү эки өрт өчүргүч техникасы өчүрдү, учурда бардыгы жайында»,  — деп билдиришти өрт өчүрүү кызматынан.

Бул соңку айларда Ботаникалык бакчада тогузунчу жолку өрт чыгуу.

Ботаникалык бактагы өрт

Ботаникалык бакчада 31-июлдан 8-август айларынын ортосунда сегиз жолу өрт чыккан. Өрт чыгуулар экологдор менен анын жетекчилиги бакчанын аймагында ветлаборатория курууга каршы чыккандан кийин болгон.

Ботаникалык бакчанын жетекчилиги өрт чыгарып жаткан адамдын сүрөтүнө сыйакы төлөп берүүнү жарыялаган. Экологдор атайын өртөө болуп жатканына шектенишүүдө. Алардын айтымында, өрт болгон жерлердин биринде бензиндин жытын сезишкен.

Бишкек ШИИБ Ботаникалык бакчанын аймагында техникалык өрт чыгуу себептерин текшерүү өткөрүүнү дайындашкан


ТЕМА БОЮНЧА: