Өкмөт ветлаборатория курууга башка жер издеп жатат (мүмкүн ал Ботаникалык бакчанын аймагы эмес)

Ветлаборатория мурда белгиленгендей Ботаникалык бакчанын аймагында эмес башка жерге курулушу мүмкүн. Бакчанын аймагына лаборатория куруу боюнча демилге президент менен экологдор тарабынан сынга алынган.

«Кыргыз өкмөтү лаборатория куруу үчүн башка жактан жер бөлүү маселесин карап жатат» , — деп билдирди Kloop.kgге премьер-министрдин басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу.

Ошондой эле, ал өкмөт лаборатория куруу үчүн жаңы жер тапканда коомчулукка билдирээрин кошумчалады.

Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймыгына ветеринардык лаборатория куруу боюнча демилгеге бакчанын жетекчилиги жана экологдор каршы чыгышкан. Ботаникалык бактын директору Медет Ахматовдун айтымында, бакчанын аймагына айлана чөйрөнү изилдөөчү гана лаборатория курууга мүмкүн.

Ал эми ветеринардык жана фитосанирдык мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумакановдун айтымында, ветеринардык лабораториянын өзүнүн талаптары бар, ошондуктан аталган имаратты куруу үчүн бакчанын аймагы тандалган. Жумаканов билдиргендей, ветлаборатория «Борбор Азияда эң эле заманбап» болуп калат.

Ветеринардык лабораторияны 18 миллион АКШ долларын бөлгөн кытайлык инвесторлор курганы жатат.

Ботаникалык бакчада лаборатория курууну сынга алгандардын арасында президент Алмазбек Атамбаев бар. Анын айтымында, бакча Кыргызстандын «мурасы» жана мамлекеттин кайтаруусунда турат.

Президент белгилегендей, лаборатория Ботаникалык бактын экологиясына зыянын тийгизип, сейрек кездешкен өсүмдүктөргө кооптуу абал жаратат.

Бакчанын аймагына ветлаборатория куруу демилгеси сынга алынгандан кийин Ботаника бакчасында төрт жолу өрт чыккан. Милиция өрт чыгуунун себебин аныктоо үчүн текшерүүлөрдү жүргүзө баштады.

Авторлошу: Рустам Халимов

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: