Ош: Милиция пара алган эки укук коргоо кызматкерин кармады

Ош облусунун милициясы опузалап пара алгандыктары үчүн РИИБдин ага лейтенанты менен Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын (КР МЖАК) жумушчусун кармаган. Аларга каршы кылмыш иши козголду.

Ош облусунун Алай районундагы айылдардын биринин жашоочусу ИИМдин ички кызматтык иликтөө кызматына арыз менен кайрылган.

Ал адам жергиликтүү милиция бөлүмүнүн жана МЖАКтын кызматкери андан 30 миң сом опузалап жатканын айтып арызданган.

«Арызда Алай району боюнча МЖАКтын кызматкери менен жергиликтүү ПОМдун жумушчусу андан ыктымал жаза аткаруу тартибинин бузулуш фактысы боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 30 миң сом опузалаганы айтылган», — деп билдиришти ИИМден.

Укук коргоочулар «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгошту.

ИИМдин тергөөчүлөрү менен УКМКнын кызматкерлери 30-августта шектүүлөрдү кылмыш жасоо үстүндө кармашкан.

Учурда мындан аркы иликтөөнү УКМК жүргүзүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: