Ысык-Көл: Айдоочу жолдо жаткан адамды тебелеп качып кеткен

Жолдо жаткан адамды айдоочу тебелеп кеткенден кийин ал ошол жерде каза тапкан. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден изин жашырган.

Ысык-Көл облусунун милициясы кырсык 31-августта Түп районунун Кутургу жана Фрунзе айылдарынын ортосунда болгонун билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, жолдо жаткан адамды көрүп, эки айдоочу унааларын токтотушкан. Бирок катуу ылдамдыкта келе жаткан үчүнчү машина жолдо жаткан адамды тебелеп, окуя болгон жерден качып кеткен.

«Күбөлөрдүн айтымында, жолдо адам жатканын көрүп келе жаткан эки машинанын айдоочулары токтошкон. Артында келе жаткан үчүнчү машина токто деп айтылган кол жаңсоолорго көнүл бурбай, чоң ылдамдыкта жолдо жаткан жөө жүргүнчүнү тебелеп кеткен. Айдоочу белгисиз тарапка изин жашырган», — деп билдиришти милициядан.

Ал адам окуя болгон жерден набыт болгон. Милиционерлер анын сырткы кийиминин жеңинде түгөнгөн арактын бөтөлкөсүн, ал эми жолдун жээгинен оттоп жүргөн атты табышкан.

Милиция «Колго түшүрүү» планын жарыялады жана болжолдуу «Фольксваген Гольф» же «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусун издешүүгө жарандарды көмөктөшүүгө чакырууда.

Сүрөт: «Турмуш»


ТЕМА БОЮНЧА: