Роза Отунбаева: «Биз ар башка тараптарда болуп калдык»

Мурдагы президент Роза Отунбаева «Азаттык» үналгысына курган маегинде мурун бирге жүрүшкөнү менен учурда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен «ар башка тараптарда болуп калдык» деп билдирген. Отунбаева Атамбаев президент болгонго чейинки тарыхта жазылган бардык нерселерди өчүргүсү келип жатат деп эсептейт.

Мурдагы президент Роза Отунбаева президент Атамбаев жөнүндө жана ал башкарган алты жыл туурасында ой-пикирин айткан. Анын айтымында, 2010-жылдагы революциядан кийин өзү бийликти Атамбаевге өткөзүп берген, бирок ал бул жөнүндө унутуп койгон.

Отунбаева президентти «каралап» жана ал менен «айтышпай» турганын билдирди.

«Бирок жасалган иштердин баарын чийип, такыр эле жок кылып, “мен эле бармын тарыхта” деген чоң жаңылыштык! Мен айтышпайын дедим. […] Биз ар башка тараптарда болуп калдык. Бир жолдошубуз түрмөдө отурат. Мен экс-президент катары Эгемендик күнүнө чакырылбайм. Мунун баарына тарыхта өзүнчө баа берилет деп ойлойм», — деп айткан мурдагы президент.

Отунбаева менен Атамбаевдин мамилеси мурдагы президент конституциялык реформага каршы чыккандан кийин дароо бузулуп кеткен.

Атамбаев өзүнүн 2016-жылдагы Эгемендик күнүн майрамдоо учурундагы куттуктоо сөзүндө 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн иши менен Отунбаеванын өзүн сынга калган.

«Алар президентке жалаа жабуудан жийиркенишпейт да бирок алар [Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү] бийликти узурпациялоо сыяктуу бардык күнөө жана кылмыштар боюнча мени айыпташат. Бул жалаа жабуу кампаниясынын апофеозу Отунбаева, Өмүрбек Текебаевдин башчылыгындагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн [Конституцига түзөтүү киргизүүгө каршы] элге кайрылуусу болуп калды», — деген ошондо Атамбаев.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кайрылуусун Атамбаев «жалган жалаа» деп атаган. Ал Конституцияны өзгөртүү керек, анткени анда «авторитардык режимге алып барчу мина катылган» деп билдирген.

Президенттин сөзүн угуп сахнада олтурган Отунбаева Атамбаевдин кебин аягына чейин күтпөй салтанатты таштап басып кеткен.

Конституцияга өзгөртүүлөр 2016-жылдын 16-декабрында өткөн референдумдан кийин кабыл алынган.

Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү 2010-жылдагы апрель революциясынан башкарууга киришкен, андан кийин өткөөл мезгилдин президенти болуп калган. Ал 2011-жылдагы президенттик шайлоодон кийин президенттин милдеттерин Атамбаевге өткөзүп берген.


ТЕМА БОЮНЧА: