Видео: Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда аянттан кетип калды

Президент Алмазбек Атамбаев Эгемендүүлүк күнүнө карата өз сөзүндө экс-президент Роза Отунбаеваны Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыкканы үчүн сындады. Отунбаева президенттин сөзүнүн аягына чейин күтпөй сахнадан түшүп басып кетти.

Эгемендүүлүк күнүнө карата сөз сүйлөп жатып президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы Баш мыйзамды, Убактылуу өкмөттүн ишин жана экс-президент Роза Отунбаеваны сындады.

Роза Отунбаеванын жана Убактылуу өкмөттүн экс-министрлеринин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы кайрылуусун «карасанатай жалган» деп атады.

Президент менен бир сахнада отурган Отунбаева Атамбаев 2010-жылдагы Баш мыйзамда «башаламандык үчүн бардык “миналар” катылып жатканы» жөнүндө сүйлөп жатканда аянттан кетип калды.

Тема боюнча:

Видео: Азаттык