Талас: Майып кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголду

Талас облусунун прокуратурасы «Зордуктоо» беренеси менен интернатта тарбияланып жаткан 19 жаштагы кыздын боюна бүтүп калган факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Интернаттын жетекчилиги кыз бир туугандарыныкына барган учурда боюнда болуп калышы мүмкүндүгүн айтууда.

«Азаттык» үналгысынын маалыматына ылайык, зордуктоого жабыркаган кыздын тууганы шектелүүдө.

«Эмгек өргүүсүнөн келсем кыз бир аз толуп калыптыр. Эмне болгонун кызматкерлеримден сурасам, тамакты көп жеп жатканын айтышты. Шек санап доктур чакыртып, текшертсем төрт айлык боюнда бар болуп чыкты. Сураштырсак кыз "мен үйгө барганда таежем оорукчан баласы менен таштап, күйөөсү экөө Бишкекке кеткен" деди. Кыздын айтымында, ошол убакта бала муну зордуктап коюптур. Ушинтип арыз жазып, прокуратурага өткөрдү», — деп билдирди интернаттын директору Кенжалы Орозалиев.

Шектүүнүн апасы Сагынбү Касымбекова баласына каршы бардык айыптоолорду четке кагууда.

Анын айтымында, ал алардыкына конокко келген учурда баласы Кундуз менен көрүшкөн дагы эмес жана кылмыш кылуусу мүмкүн эмес болчу.

«Бул иште баламдын эч кандай күнөөсү жок. Мен 100 пайыз кепилдик берем. Балам беш маал намазга жыгылат. Кундуз 20-мартта келип, 22синде интернатка кеткен. Ал кезде балам шаарда болчу. Андан келип алып эле дааватка чыгып кеткен. Кундуздун үйгө келгенин ал көргөн да эмес», — деди ал.

Азыр 19 жаштагы Кундуз Бакай-Атадагы карылар жана майыптардын мекемесине которулган, учурда анын боюнда 5 айлык бала бар.

Кыздын боюна бүтүп калгандыгы боюнча 23-августта «Азаттык үнү» укук коргоо уюму билдирген, ал кезде интернаттын жетекчилиги кыз туугандарыныкына барганда боюнда болуп калышы мүмкүндүгүн билдирген.

Кундуз экинчи топтогу майып, ал быйыл мектепти бүткөн, бирок туугандары аны өздөрүнүкүнө алып кетишкен эмес. Кара-Буура районунун социалдык кызматкери Рахат Айманбетов жабыр тарткан кыздын апасы дагы майып экенин билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: