БШК президенттикке беш талапкердин кол белгилерин жараксыз деп тапты

Camera 360

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Камила Шаршекеева, Кубан Чороев, Турсунбек Акун, Талгатбек Кожогулов жана Канат Исаевдин тарапташтарынын кол белгилери коюлган баракчаларды жараксыз деп тааныды.

Борбор Азия университетинин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева БШКга 39 миң кол белги тапшырган, бирок анык деп 23 миң 901и гана таанылган.

Өзүн-өзү президенттикке көрсөткөн Кубан Чороевден Боршайкомго 40 миңден ашык кол белги түшкөн, бирок комиссия анын ичинен 17 миң 989ун гана анык деп тааныган.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун БШКнын жумушчу тобуна 35 миңден ашык шайлоочунун кол белгисин тапшырган. Комиссия анын ичинен 14 миң 532 гана тааныган.

Ошондой эле өзүн-өзү президенттикке көрсөткөн талапкер Талагатбек Кожогуловдун дагы кол белгилер коюлган барактарын анык эмес деп тааныган. Комиссия чогултулган 34 миңден ашык кол белгинин ичинен болгону 8 миң 12син гана тааныган.

Ал эми депутат Канатбек Исаев БШКга 37 миңден ашык кол белги тапшырган. Комиссия анык деп болгону 27 миң 221 кол белгини тааныган.

Бул бардык талапкерлерге мыйзам боюнча минималдык 30 миң деп белгиленген ченемден өтүү үчүн кол белгилердин саны жетишпей жатат. БШК аларды президенттикке талапкер катары каттабай коюшу ыктымал.

«Прецедент» компаниясынын юристи Фатима Якупбаева Kloop.kgге курган маегинде кол белгилер топтому анык эмес деп табылган президенттикке талапкерлер комиссиянын чечимин сотто даттана ала тургандыктарын билдирди.

БШКнын жумушуна нааразылыктар

Айрым президенттикке талапкерлер БШКнын жумуша наарызы экенин билдиришти. Камила Шаршекееванын айтымында, ал комиссиянын чечимин даттанат.

«Деги эле биз кандай шартта иштеп кол белгилерди чогултканыбызды БШК көрсөчү! Бул абдан коркунучтуу. Мен аймактарда жүрүп, элдин көздөрүнөн жакырчылык менен коркунучту көрдүм. Элдер пикирлерин ачык билдирүүдөн коркушат, административдик ресурс байкалып турат», — деди ал.

Кубан Чороев Боршайкомдун чечимине «нааразы» экенин билдирди, бирок сотко бербейт.

«БШКга менин 22 миң кол белгимди анык эмес деп корутунду чыгарууга болгону бир күн керек болду. Жада калса көзү ачыктар менен парапсихологдор мындай жөндөмдүүлүккө ээ эмес. Албетте, башка кабинеттерде кимдин канча кол белгисин жараксыз деп аныктоо керектиги эбак эле чечилген», — деди ал.

Турсунбек Акун дароо эле Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз берип жатканын айтты, анткени Боршайкомдун чечимине наарызы.

«Мен Боршайкомдун айрым мүчөлөрү кээ бир башка талапкерлерди сындап жатканым үчүн өч алууда деп эсептейм», — деди ал.

БШКнын чечимин даттана тургандыгын укук коргоочу Рита Карасартова дагы билдирген. Боршайком Карасартова тапшырган 4 миң кол белгини жараксыз деп тапкан. 27 миңден ашык анык деп табылган кол белгилер Карасартовага минималдуу чектен өтүп, президенттикке талапкер болуп катталууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Катталган талапкерлер

Боршайком 5-сентябрга карата президенттик кызматка болгону жети талапкерди каттады, алардын арасында бийликчил социал-демократтар партиясынын (КСДП) талапкери Сооронбай Жээнбеков бар.

Мындан тышкары мурдагы эки өкмөт башчы, Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев дагы президенттикке талапкер болуп катталышкан.

Ошондой эле Бишкектин мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков жана «Кайра жаралуу» партиясынан талапкерлер Адахан Мадумаров менен Бакыт Төрөбаев дагы каттоодон өтүшкөн.

Талапкерлерди каттоо 10-сентябрга чейин уланат. Ал эми президенттик шайлоонун өзү үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

Авторлошу: Анна Капушенко.


ТЕМА БОЮНЧА: