Президенттер Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасынын 1170 чакырымын тактоо боюнча келишимге кол коюшту. Тараптардын чек арага чектеш 200 чакырымдай жерин аныктоосу гана калды.

Келишимдерге кол коюу 5-сентябрда Мирзиёевдин Кыргызстанга алгачкы иш сапары учурунда болду.

Атамбаев келишимге кол коюуну «тарыхый окуя» деп атады.

«Бүгүн президенттер 85 пайыз [аныкталган чек араларды] камтыган келишимге кол коюшту. Эми 15 пайызы кана калды. Эң башкысы саясий эрктин бар балгону менен келише ала тургандыгыбызга көзүбүз жетти», — деди ал.

Мирзиёевдин билдиришинче, эки президент тең чек аралар боюнча келишимге кол коюуну «мүмкүн болушунча жакындатып жатышты».

Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жандана баштаган.

Бул жыл аралыгында тараптар бир катар жолугушууларды өткөзүп, чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы 50 аймакта 200 чакырым жер тактала элек. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1370 чакырымды түзөт.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо маселеси Советтер биримдиги тарагандан бери чечилбей келет, анткени Борбор Азиядагы өлкөлөр жерлерди тактоо үчүн ар кандай документтер менен карталарды сунуштап келишкен.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жерлери Фергана өрөөнүндө тыгыз байланышып, өлкөлөр ортосунда катаал чек ара тутумун түзөт. Анткени бири-биринин аймагында жайгашкан анклавдар абалды оорлоштуруп турат.

Чек аранын макулдашылбаган жерлеринде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда далай жолу чыр-чатактар чыгып турат.


ТЕМА БОЮНЧА: