Аксы: Айылдыктар дин кызматкерлерин токмоктоо боюнча айыпташты

Жалал-Абаддын Аксы районундагы Итагар айылынын тургундары 6-сентябрда митингге чыгышты. Тургундар эки күн мурун мүрзөнүн айланасын тазалоону каалашканда, аларды жергиликтүү дин кызматкерлери токмоктоп салышкан. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен ИИМ окуяга дин өкүлдөрү катышканын четке кагууда.

Итагар айлынын жашоочусу Куттубек Мырзамамыт уулунун айтымында, 4-сентябрда тургундар жергиликтүү Баба-Ата көрүстөнүндө тазалык иштерин жүргүзүүнү жана ал жакта тосмолорду орнотууну каалашкан учурда чыр-чатак чыгып кеткен.

Мүрзөнү кайтарган адам «көрүстөн ыйык» деп айылдыктарды киргизүүдөн баш тарткан. Айылдын жашоочулары мүрзөнү кайтарган адам көрүстөндү тийиштүү түрдө карабай жатканы үчүн сындашкан.

Ошондон кийин Мырзамамыт уулунун айтымында, мүрзөнүн кайтаруучусу тааныш дин кызматкерлерин ээрчитип келип, алар айылдыктарды коркута башташкан.

Кийинчерээк чыр-чатактын катышуучуларынын ортосунда кер-мур айтышуу пайда болуп, мушташка айланып кеткен. Мындан тышкары, айылдын жашоочулары дагы аларды жергиликтүү көрүстөнгө барууга тыюу салышканын айтышты.

«Милиционерлер дин кызматкерлери менен айылдыктардын ортосунда жолугушуу өткөргөн. Бирок алар милициянын көзүнчө дагы тургундарды коркута башташкан. Дин кызматкерлеринин иш аракеттерине каршы пикир билдирген айылдыктар өз жашоолорунан кооптоно башташкан, анткени алардын дарегине күч колдонуп жок кылуу коркунучтары айтылган», — деди Мырзамамыт уулу.

Ошондон кийин айылдын тургундары нааразылыктарын билдирүү үчүн митингге чыгышкан.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, көрүстөндөрдү кайтаргандар муфтияттын түзүмүнө киришпейт жана дин кызматчылары болуп эсептелишпейт. Мындан тышкары диний башкармалыктан аталган окуяга дин кызматкерлери катышпаганын айтышты.

ИИМдин өкүлү Kloop.kgнин журналистине берген интервьюсунда чыр-чатакка катышкан адамдар «динге эч кандай тийиштиги» жок экенин билдирди. Ошондой эле, мекемеде айылдыктардын токмоктолгону жана мушташуу фактысы боюнча маалыматты четке кагышты.


ТЕМА БОЮНЧА: