БШК президенттикке талапкерлердин кол белгилерин карап бүттү

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин кол белги барактарын кароону жыйынтыктады. Жалпысынан комиссия 13 талапкерди каттаган. Президенттик кызмат үчүн катталбай калган талапкерлер 10-сенбярга чейин Боршайкомдун чечимин даттана алышат.

БШКнын басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, президенттикке талапкерлерди каттоо 10-сентябрда аяктайт, бирок комиссия президенттик кызматка бардык талапкерлердин кол белги барактарын карап бүтүргөн.

«Эгерде кимдир бирөө БШКнын чечимине нааразы болсо 10-сентябрга чейин сотто даттанышса болот», — деди БШКнын басма сөз кызматынын өкүлү.

БШК 7-сентябрга карата президенттик кызматка 13 талапкерди каттаган:

  1. Бийликчил социал-демократтар партиясынан (КСДП) Сооронбай Жээнбеков;
  2. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев;
  3. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов;
  4. Бишкектин мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков;
  5. Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров;
  6. Парламенттин мурдагы спикери Адахан Мадумаров;
  7. Депутат Бакыт Төрөбаев;
  8. Мурдагы депутат Камчыбек Ташиев;
  9. Активист Токтайым Үмөталиева;
  10. Арстанбек Абдылдаев;
  11. «Аалам» партиясынын башчысы Арсланбек Малиев;
  12. «Жаны-Доор»партиясынын төрагасы Улугбек Кочкоров;
  13. Коомдук ишмер Талантбек Масадыков.

БШКнын чемине нааразы болгондордун катарын укук коргоочу Рита Карасартова, Борбор Азия университетинин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева, парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков жана мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун толуктайт. Алардын бардыгы БШКнын  чечимин даттаныша тургандыктарын билдиришкен.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: