«Сулайман-Тоо» тасмасы Торонтодогу кинофестивалда көрсөтүлөт

Елизавета Стишованын «Сулайман-Тоо» тасмасы 7-сентябрда Торонтодо башталган 42-кинофестивалга тандалып алынды.

Фестивалдын көрүүчүлөрү тасманы программанын негизги бөлүгүндө көрө алышат.

Фильмдин режиссеру Елизавета Стишова Сулайман-Тоонун тарыхына кызыгаарын айтты.

«Ош мага абдан жакты. Ошол жактан мен Сулайман-Тоо жөнүндө кызыктуу нерселерди билип, ал жерге байланыштуу жомок уламыштарды уктум. Бул тоонун башкача бир тарыхы бар деп айтса болот», — деди режиссер.

Тасмага кыргыз жана казак актерлору катышкан.

Торонтодогу кинофестиваль 1976-жылдан бери өткөрүлүп келет. Башкы сыйлык көрүүчүлөр байгеси болуп эсептелет, ал көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн кийин аныкталган мыкты тасмага ыйгарылат.

«Сулайман-Тоо» тасмасынын мазмуну

Тасмада Ош шаарынын ортосунда жайгашкан «Сулайман-Тоо» жөнүндө айтылат. Бул жер жергиликтүү тургундар үчүн сыйынуучу жай, ал жайдан элдер ден соолук, сүйүү жана бакыт суранышат.

Балдар үйүнөн куткарылган Улук деген бала өз үй-бүлөсүнүн бактылуулугун суранат.

Алар эскилиги жеткен оор жүк ташыган машина менен өлкө аралап көчүп-конуп, Улуктун эки аял алып алган атасы Карабастын сүйүүсү үчүн күрөшүшөт.

Фильмде учурдагы замандын чындыгы менен байыркы каада-салттардын  айкалышын чагылдырган каармандардын жашоосу көрсөтүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: