«Саякбай» тасмасы Монреалдагы кинофестивалда байгеге татыды

Кыргыз режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай. XX кылымдын Гомери» толук метраждуу тасмасы «Каада-салттарды оозеки жеткиргендиги үчүн мыкты инновациалык тасма» номинациясында Монреал кинофестивалынын «Алтын меридиан» сыйлыгын алды.

«Саякбай Манасчы» фондунун жетекчиси Самат Ибраевдин билдиришинче, режиссер менен актерлор сыйлык тапшыруу аземине бара албай калган, ошондуктан сыйлыкты кыргызстандын Монреалдагы элчиси Александра Окунева алган.

Фестиваль 24-августта башталып 4-сентябрда жыйынтыкталды. Ага дүйнө жүзү боюнча 250 режиссер катышкан, бирок тандоодон 18 гана тасма өткөн.

«Саякбай» кино тасмасы Саякбай Каралаевдин жашоосу менен чыгармачылыгына арналган. Ал белгилүү манасчы болгон.  

Саякбайдын ролун үч актер аткарган. Алар: Карыган кезин Марат Жанталиев, орто жашын Бактыбек Нурмат уулу, ал эми бала чагын Үмөт Дөөлөт уулу.

Тасмада кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов дагы бар, анын ролун кичүү баласы Элдар Айтматов жараткан.

Кыргызстанда «Саякбай. XX кыдымдын Гомери» кино тасмасынын бет ачары 7-сентябрда болот.

Монреал эл аралык кинофестивалы кинопродюссерлердин эл аралык федерациясы (FIAPF) тарабынан акредитацияланып, Түндүк Америкада өтүп жаткан Канаданын байыркы жана жалгыз кинофестивалы.

Кинофестивалдын максаты өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен маданий ар түрдүүлүгүн арттырууда жатат.

Ал эми 2016-жылдагы ушул кинофестивалда Кыргызстандын атынан режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапаровдун «Атанын керээзи» тасмасы катышкан. Анда тасма «мыкты сценарий» жана «мыкты көркөм тасма» номинацияларында жеңишке жеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: