UFC: Валентина Шевченко Аманда Нунестен утулуп калды

Кыргызстандык Валентина Шевченко Абсолюттук мушташ чемпионатында (UFC) Аманда Нунестен жеңилип калды. Ошентип дүйнө чемпиону наамы менен чемпиондук кур бразилиялык мушкерде калды.

UFC 215 мушташуу түндөрүндө жеңил салмакта кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко менен бразилиялык мушкер Аманда Нунес жолугушту. Беш айлампанын жыйынтыгында жеңиш менен кошо чемпиондук кур Аманда Нунеске ыйгарылды.

Беш айлампалык беттешке күчтү сактоо максатындабы, айтор каршылаштар биринчи айлампада өздөрүн өтө сак алып жүрүштү. Башында спортчунун экөө тең артыкчылык көрсөтө алышкан жок.

Экинчи айлампанын башталышы жигердүү соккуларга аз болду, бирок беш мүнөттүктүн соңунда Шевченко беттешттин кызыгына эми кирип, каршылашына бир катар соккуларды узатты.

Күч сынашуу өтө чымырлуу болуп, спортчулар аралыкты кармоого аракеттенип жатышты. Беттешүү теңме-тең жүрүп, акыркы айлампага чейин эч кимисинин артыкчылыгы болгон жок.

Нунес беттештин акыркы секундаларында каршылашын жыгыта алды. Шевченко тобокелге салып, өзүнүн этият мушташканынын айынан жеңиштен кол жууп калды. Ошентип Аманда Нунес чемпиондук наам менен чемпиондук курду сактап кала алды.

Жеңил салмактагы чемпиондук курдун ээси Аманда Нунестин ушул эле салмак категориясы боюнча дүйнөлүк тизмектин сап башында турган Валентина Шевченко менен болгон мушташы ошол кечтин негизги беттеши болуп калды.

Ал эми кечтин негизги мушташы болот деп жаткан Деметриус Жонсон менен Рэем Боргдун беттеши болбой калган.

Тамаша эмес, бирок июлда Нунестей болуп Боргдун дагы синусити күчөп кетип, ал беттешке чыга албай калган.

Нунес менен Шевченко жеңил салмак категориясындагы чемпиондук кур үчүн июль айында эле беттешке чыгуулары керек болду. Бирок Аманда Нунес ооруп калып мушташ болгон эмес. Анда бразиялык спортчу өнөкөт болуп калган синусит оорусу кармап калганын айтып, беттешке чыгуудан баш тарткан.

Спортчулар март айында кездешкен болчу. Анда дагы үч айлампанын жыйынтыгында калыстар тобу жеңишти Нунеске ыйгарышкан.

Ал жеңилүүдөн кийин кыргызстандык мушкер Холли Холм жана Жулиана Пеня менен болгон беттештерди жеңип, өзүнүн салмак категориясы боюнча UFC рейтингинин биринчи сап башына чыккан.

Жеңил салмак боюнча чемпиондук курду Нунес мурдагы жылдын соңунда Ронда Роузиге каршы беттешке чыгып жеңип алган.

UFC 215 мушташтар кечи Эдмонтон (Канада) шаарында өттү.

Сүрөт: Getty Images/Christian Petersen.


ТЕМА БОЮНЧА: