Валентина Шевченко UFCнин рейтингинде биринчи ордун сактап калды

Кыргызстандык Валентина Шевченко венесуэлалык Жулианна Пеньяны жеңип алгандыктан мурдагыдай эле UFC аралаш таймаш спорттук уюмунун рейтингинде биринчи ордун сактап келатат.

Уюмдун жаңы рейтинги Денверде (АКШ, Колорадо штаты) өткөн UFC on Fox 23 турниринин жыйынтыгына карай түзүлгөн. Бул турнирдин экинчи айлампасында Шевченко Жулианна Пенья менен беттешип, атаандашына бир да үмүт калтырбай, оорутуучу ыкма менен утуп чыкты.

Пеньянын үстүнөн болгон жеңиш Валентинанын UFCнин алкагындагы үчүнчү, ММА аралаш таймаш турнирлеринин баарындагы 14-жеңиши болуп калды.

Көздү кубандыра мушташканы үчүн Шевченко 50 миң доллардан ашуун бонустук сыйлыкка татыды. Андан тышкары, спортчу кыз «Reebok» компаниясынан да 2,5 миң доллар алды.

Өтө жеңил салмактын жаңы рейтингинде биринчи орунду Валентина Шевченко, экинчи орунду Холли Холм, үчүнчү орунду Ронда Роузи ээлеп, кыргызстандык спортчудан утулуп калган Пенья рейтингдин төртүнчү сабына түштү. Мурда Пенья рейтингде экинчи орунда турган.

Солдон оңго — Валентина Шевченко, Холли Холм, Ронда Роузи, Жулианна Пенья.

Валентина Шевченко эми өтө жеңил салмактагы азыркы чемпион Аманда Нуньеске каршы чемпиондук беттешүү өткөрүшү керек.

Мурда спортчу кыздар сегиз бурчтукта бири бири менен беттешкен. Анда калыстардын чечими менен жеңиш бразилиялык Нуньеске ыйгарылган.

Аманда Нуньес менен Валентина Шевченко. Сүрөт: UFC

UFC же абсолюттук мушташ чемпионаты [Ultimate Fight Championship] — аралаш мушташ эрежеси — MMA [Mixed Martial Arts] менен беттешүүлөрдү өткөргөн спорттук уюм. Валентина 2003-жылдан бери ММА мушкери болуп, эки жолу дүйнө чемпиондугуна жетишкен.

Валентина муай-тай менен да машыгып, ал боюнча 11 жолу чемпион болгон. Үч жолу кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Кыргызстандкы Валентина Шевченко дүйнөдөгү «Кыз-келиндер арасында эң мыкты тай боксчу спортчу» наамына ээ.

Эр өнөрү менен Валентина бир тууганы Антонина Шевченко менен чогуу машыгат, ал да мушташтын ар кайсы түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону.


ТЕМА БОЮНЧА: