Атамбаев Абулгазиевди өз аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындады

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн кеңешчиси Мухамметкалый Абулгазиевди президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кылып дайындады. Буга чейин Абулгазиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Президент Абулгазиевдин аталган кызматка дайындалышы боюнча жарлыкка 12-сентябрда кол койгон. Абулгазиев өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткарган.

Сапар Исаков министрлер кабинетинин башчылыгына бекитилгенден кийин Абулгазиев президенттин кеңешчиси болуп, бул кызматты эки жумадай аркалаган.

Абулгазиев 2016-жылдын апрелинен баштап биринчи вице-премьерлик кызматта иштеген, ал эми ага чейин Социалдык фонддо ар кандай кызматтарда иштеп жүрүп, Бишкектин калкты жумуш менен камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалган.

Учурда президенттик аппараттын жетекчилик кызматын буга чейин беш жыл өлкө башчысынын басма сөз кызматын жетектеген Алмаз Үсөнов аркалайт.

Алмаз Үсөнов дайындалганга чейин бул кызматты учурдагы премьер-министр Сапар Исаков жетектеген.


ТЕМА БОЮНЧА: