Өкмөт «Таза коомдун» көрнөгүнө 3 млн сом коротууну пландап жатат

Мамлекеттик байланыш комитети «Таза коом» долбоору үчүн түстүү көрнөктөрдү (лайтбоксторду) сатып алуу үчүн 2 999 675 сомго тендер жарыялады. Лайтбокстор өлкө боюнча почта бөлүмдөрүндө орнотулат.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында Мамлекеттик байланыш комитетинин атынан өкмөттүн «Таза коом» программасынын эн белгиси бар түстүү көрнөк сатып алууга тендер жарыяланган.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкери Kloop.kgнин кабарчысына бардыгы болуп 427 лайтбокс жасатуу пландалып жатканын билдирди. Ар бир лайтбокскко 7025 сом сарпталат.

«Лайбокстор соккуга туруштук берген пластиктен жасала тургандыгы үчүн кымбатка турууда. Ошондой эле ал жарык бергичи менен болуп, ичинде суу өтпөгөн 70 даана светодиод болот», — деди департаменттин кызматкери.

Тендерди утуп алган компания лайтбоксторду жеткирип, бүткүл Кыргызстан боюнча почта бөлүмдөрүндө орнотушу керек.

«Таза коом» — электрондук мамлекетти жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатканга багытталган өкмөттүн долбоору. Программанын биринчи натыйжаларын өкмөт 2018-жылдын башында байкоого болот деп убада кылууда.


ТЕМА БОЮНЧА: