Парламент Кулматовду Улуттук банктын башчылык кызматына жактырды

Парламенттин депутаттары Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин Улуттук банктын башчылык кызматына жактырышты. Буга чейин Кулматов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген жана Бишкек шаарынын мэри болгон.

Кулматовдун талапкерлиги үчүн 70 эл өкүлү макул деп, алтоосу каршы добуш беришкен. Бардыгы болуп 90 депутат катталган.

Ал эми Кулматов өзүнүн талапкерлиги каралып жаткан парламентте өзүн «кризис менеджер» катары баалай турганын билдирди.  

Анын айтымында, ал Бажы кызматын жетектеп турганда бюджеттин кирешесин 17 млрд сомдон 38 млрд сомго чейин өстүрүүгө жетишкен. Ошондой эле ал калаа башчысы болуп турганда Бишкекти өнүктүрүү фондусунун кирешесин кыйла өстүрө алганын кошумчалады.

Кулматов Улуттук банктын башчылык кызматында Толкунбек Абдыгуловдун ордуна келет, ал эми Абдыгулов 25-августта Сапар Исаковдун өкмөтүнө биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Кулматов 2016-жылдын мартынан тарта Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчылык кызматын аркалаган.

Буга чейин ал эки жыл бою Бишкектин калаа башчысы болгон. 2004-2013-жылдар аралыгында ал ар кандай кызматтарда иштеген, мындан тышкары үч жыл бою Мамлекеттик бажы кызматын жетектеген.


ТЕМА БОЮНЧА