Бишкек: Бир жарым жашар наристени зордуктоо аракети боюнча кылмыш иши козголду

Милиция 1,5 жашар кызды зордуктоого аракет кылган 18 жаштагы балага кылмыш ишин козгоду. Бул үчүн шектүү жаран 20 жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин абак жазасына кесилиши мүмкүн.

Бул боюнча Свердлов райондук ИИБине арыз менен кыздын апасы кайрылган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, шектүү адам курулушта иштеген Бишкектин жараны.

«Ал үйдө оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн чакырылган. Апасы кызынын денесинде такты байкап калганга чейин наристе менен бөлмөдө ошол бала болгон. Наристенин апасы зордуктоо аракети болгонуна шектене баштаган», — деп билдиришти ШИИБдин басма сөз кызматынан.

«АКИпресс» маалымат агенттиги жарыялаган видеодо, жабыркаган кыздын атасы кармалган адам анын тууганы экенин билдирген.

«Беловодскийден инимди курулушка чакыргам. Бүгүн мен ооруп калып, төшөктө жаткам. Колуктум эшикте жумуш кылып жүргөн. Жубайым баланын жамбашында кызгылт тактарды жана памперстеги канды байкап калган», — дейт кыздын атасы.

Милиция «сексуалдык мүнөздөгү зордуктоо аракеттери» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.  

Шектүү жаран эки айга тергөө изоляторуна камалды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгерде шектүүнүн күнөөсү далилденсе, ал 20 жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин абак жазасына кесилиши мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: