Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы болуп калды. Буга чейин Кулматов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген.

Президенттик аппараттын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев 18-сентябрда Улуттук банктын жааматына жаңы төрага Кубанычбек Кулматовду тааныштырды.

Мурдараак депутаттар Улуттук банктын башчылык кызматына Кулматовдун талапкерлигин жактырышкан.

Кулматов өзү «кризис-менеджер» жана жакшы жетекчи болуш үчүн болгон күчү менен тажрыйбасын жумшай турганын убада кылган.

Кулматов банктын жумуш деңгээлин көтөрөөрүн убада кылган. Ал Бажы кызматындагы өз жетекчилигин мисал келтирген, анда ал бюджеттин кирешесин 17 млрддан 38 млрд сомго чейин көтөрө алган.

Кулматов Улуттук банктын башчылык кызматында Толкунбек Абдыгуловдун ордуна келди, ал эми Абдыгулов 25-августта Сапар Исаковдун өкмөтүнө биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Кулматов 2016-жылдын мартынан тарта Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчылык кызматын аркалаган.

Мындан тышкары Кулматов эки жыл бою Бишкектин калаа башчысы болгон. 2004-2013-жылдар аралыгында ал ар кандай кызматтарда иштеген, мындан тышкары үч жыл бою Мамлекеттик бажы кызматын жетектеген.


ТЕМА БОЮНЧА