Ош облусу: Опузалоо үчүн милициянын үч кызматкери жумуштан алынды

Ош облусунун Чоң-Алай райондук ОИИБнин үч милиционери опузалоо үчүн кызматтарынан алынды.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде, ички иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда үч милиционердин күнөөлөрү далилденгенин билдирди.

«Алар ээлеген кызматтарынан четтетилишти жана мындан ары милицияда иштебей калышты», — деди ал.

Сатарбаеванын айтымында, милицияга старшина, улук жана кенже лейтенант наамдары бар укук коргоо орагандарынын кызматкерлери опузалап акча талап кылган жаран кайрылган.

Бул окуядан кийин райондук прокуратура менен ИИМдин Өздүк коопсуздук башкармалыгы ички иликтөө жүргүзүшкөн, натыйжада опузалоо боюнча билдирүү тастыкталган.

Мындан тышкары, шектүүлөр Тажикстандан кайтып келе жаткан Кыргызстандын жарандарына карата опузалоо кылып жүрүшкөнү аныкталган. Азырынча милиционерлердин жоруктарынан жабыр тарткандардын так саны белгисиз.

Кызматтан алынгандар иштеп жүргөн Чоң-Алай райондук ОИИБдин жетекчилигине карата кызматтык тартипке чакыруу иши жүргүзүлдү.


ТЕМА БОЮНЧА: